Кыргызда «бата менен Эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт»-деген сөз бекеринен айтылбаса  керек. Кыргыз элинде  чоң касиети, ошол доорундагы бай манаптарды, айрым мансабына көөп, чиренип,  жарды жалчыны эзгенин тайманбай бетине айтып, эсине келтирип кана койбостон,  алардын эсине келтирип жасаган куудулдук өнөрү, элде айтылганы  менен анын берген батасы текке кетпегенин,  олуялыгын замандаштары көп айтышаар эле.  Ушуга мисал кылып айтайын дегеним  азыркы Чаек айылынан төмөнүрөөк  Кара Жээк деген жерде  Кулбарак деген момун адамдын балдарды токтобой, жакында дагы бир баласы каза болуп калганын  Куйручук төмөнкү Миң-Теке  айылындагы уста досу  Бийназардыкынан угуп, келе жатып бата кылып  көңүл айта кетейин деп кайрылып калат.  Капага чөмүлүп турган үйгө Куйручукту Кудай өзү  жибергендей сүйүнүшүп, шашып беш алты жандыгы бар экен.  Сүйүнүп бир кара күрөңдү  жетелеп келгенин көргөн  Куйручук “Кулбарак, эми болбостур  азыр күз мезгили. Тетиги кара улакты карма. Эчки баласы түлөө, батанын малы. Айылыңдагы сакалдуу көкүлдүүлөрдү батага чакырып, койгула”-деп эл келгенде  күн батышты карап бата кылган экен.

 “Жаратканым ушул момунуң  Кулбарактын тукумун улаар бир уул бер. Жалгызды зарлатпа” деп бата берип, эл тамак жеп бүткөндөн кийин да айткан экен.

“Кулбарак, буйруса эмки күзгө жетпей  уулдуу болосуң.  Балдарыңа көз тийип токтобой жүргөн экен.  Уулуң бир бутунан аксак болуп төрөлөт.  Өз оокатына тың болот. Бирок эл багаар бала неберең чыгат”-дегенде Кулбарак “Ыя айланайын Куке,  менин жашым 70ке таяп, кемпирим  60ка жакындап калды”-деп буркураса Куйручук  “дагы айтайын,  эмки күзгө жетпей уулдуу болосуң” –деген сөзү эч төгүн болбогонуна эл таң калаар эле.

Кулбарактын байбичеси дагы тектүү  жердин кызы, бир тууганы Карымбаев  Кудайберген  (Мидин Алыбаевдин кайнатасы)  алгач Эл агартуу жаатында иштеп, алгачкы Ленин орденин алган эмгек сиңирген мугалим, кыргыз ууруларын жакшы билген жазуучу адам эле.  Куйручук айткандай  Кулбарак күзгө жетпей уулдуу болуп,  Куйручукка кабар жетет.  Ошондо Куйручук “Буйруса Кулбарактын тукуму жалгыз уулуна көз тийбесин.  Бир бутунан аксак болуп калды.  Ал бала  өз оокатына тың болот. Бирок эл багаар  кайрымдуу бала ошол баласынан чыгат”-деген экен.  Айтканындай  Кулбарактын уулу Ильдуз  Фрунзедеги Каржы кредит техникумун бүтүрүп, өзү менен бирге окуган  Зина деген кызга үйлөнүп,  Ильдуз банкта,  келинчеги сберкассада  үйгө береке толуп турган убакта  “Кудайдын бергенинен алмагы бар дегендей  келини Абтандил менен бир кызды төрөп отуз жашка чыкпай кете берди.  Бирок чоң энеси раматылык  Абтандил менен  кайда барса ээрчитип, канаттууга кактырбай бакты.

Урматтуу окурманым,  сөздүн нугу ошол  Куйручук алдын ала  айткан эл багаар  бала небереңден чыгат  деген олуялыгы  азыркы парламенттин депутаты  Кулбараков Абтандил  жөнүндө болоорун баамдап жаткандырсыз.  Абтандил бала кезинен эле өзү теңдүү  балдардай тентектик кылбай, чоң энесинин, аксакалдардын  айткан сөзүн эки кылбай өтө боорукер  өсүп, мектепти да жакшы окуп бүтүрүп,  турмуш шартына карап чарбада калып  анан советтик армиянын катарында эки жыл кызмат кылып шаарга келип пиво  заводуна катардагы жумушчу болуп кирди. Себеби ошол убакта атасы үйлөнүп бала бакыралуу болуп  Абтандилди окутууга шарты жок эле.  Чоң энеси дагы кайтыш болуп кетип  атасына дагы күч келтирүүнү ылайык көрбөй,  пиво заводдо  ак ниет  эмгектенип,  алдыңкы катардагы сыйлыктарды алып жетекчилердин урмат сыйына гана ээ болбостон  сырттан жогорку окуу жайын окуп бүтүрүп,  кызматы дагы жогорулап турду.  Эсимде Абтандилдин жердештери эң биринчи жардам кылып  эл оозуна алынганы.  Союз тарап, эл эгемендүүлүккө  жеттик деп сүйүнгөнү менен  эти тургай табагыңды таап ал дегендей  ар бир тармак кыйынчылыкка учурап  турган кез эле. Ошол кезде атасы (байкем деп койчу) бухгалтер болуп туруп каза болуп калган. Райондук  “Демилге”  газетасы  1934-жылы  жетим балдар үчүн курулуп эскилиги жетип,  каралбай  авариялык абалда болуп турганын,  типографиясынын тетиктери сатылып,  газета чыкпай калганын көрүп, өз жанынан  500 000 сом чыгарып  евро ремонт жасатып  элди чогултуп ачтырып,  атасына куран окуткандан кийин  элге жардамы тийип келе жатканын айтсак сөз жетпес.  Тек гана анын элге журтка жасаган  эмгектерин көрүп, угуп атүгүл  басма сөзгө байма-бай  жазылып жатканын окуп  кары адам катары  пайгамбарыбыздын хадисине келтирилген  “жетим жесирлерден эл журтунан кабар алып  жардам берип турган пенде түндөсү намаз окуп,  күндүзү орозо менен өткөргөн  адамдын даражасындай Алла Таала  бейиштен орун берип ыраазы кылат”-деген хадиси дал Абтандилге туура келет. 

Себеби ал  арам оокатка жулунбаган,  өз ырыскысы, өз эмгеги менен  ушундай даражага жеткени  кечээ эле колхоз-совхоз тарап, шылуундар короо-короо койду, жылкыны, үй-мүлктү талап алып жатканда  менин дагы ата-энемдин  эмгеги бар эле деп  барып койбогону эмне деген эрдик.  Кайра ошол карышкырлар талап алып эч нерсеге жетпей калгандарга жаны күйүп, жардамын берип жыл сайын даталуу күндөрдө элге барып тамагын гана бербестен  айрыкча улгайган адамдарды сыйлап гана тамагын бербей, карылардын эсебин алып  ар бирине белектерин берип,  көк-бөрү, күрөш  кышкысын  хоккей оюндарын  өткөрүүнү жалгыз өзү каржылап  миңдеген акчаларын сарптады. Айрыкча Жумгалда хоккей аянтчасын  өз каражатына куруп,  Жумгалды хоккейдин мекени кылып  быйыл дагы республикасынын деңгээлинде  мелдеш өткөрүп, 300000 сом  байге коюп,  кыргыз хоккейчилери  Азия чемпионатында эң ири утуштарга ээ болуп жатканына сөзсүз Кулбараков баштаган  иштин жемиши десек болот.  Эми биз аксакалдар эл журтка айтабыз. Кээ бир жетиштүү эле улгайган адамдар  акча сурап барганын  угуп капа болуп айтабыз.   Биздин райондун аймагынан  Абтандилден башка шайланган эки депутатыбыз бар. Келип бирөө  акыбалыбызды сурап койдубу?

-“Кудай элге бер,  анан мага бер”-деп тилеп  Абтандилдей  азаматыбыз көбөйсүн  дейли. Акырында айтаарым  хадисте “адал эмгектен элине жардам көрсөтүп, ыраазычылык алган адам баардык күнөөлөрүнөн арылып,  Кудайдын ыраазычылыгын алып тынч уктайт”-дегендей  Абтандил  дени кардың сак саламат, үй-бүлөң  аман-эсен, Кудай буйруса аткарам деген  дагы көп оюң бар.  Өмүрүңө береке берип  элиңдин батасы тийсин.

Автор: Сабырбек Акматов,  Эмгектин ардагери,  Жумгал райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсү

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here