Криштиану Роналду душ Сантуш Авейру 1985 — жылы 5 -февралда  Португалиянын Мадейр аралында жарык дүйнөгө келген.

Ал үй-бүлөдө балдардын эң кичүүсү болгон. Криштиану  Марии Долореш душ Сантуш Авейру жана  Жозе Диниша Авейрунун (1954–2005) үй бүлөсүндө , 1975-жылы туулган Угу байкесинен кийинки 2чи эркек бала.  Андан улуу эки эжеси бар.  Эң улуусу Эльма 1974 -жылкы, ал эми Лилиана Катя 1976-жылы төрөлгөн.

Учурда Лилиана Катя Португалияда  — «Ronalda» деген каймана ат менен таанылган ырчы. Португалияда Роналду деген ат сейрек кездешет. Анын атасы мурунку АКШ президенти Рональд Рейгандын күйөрманы болгон, ошол себептен уулуна экинчи ысым катары анын атын Роналду деп ыйгарган.

Футбол сүйүүчүлөрдүн  «Андоринья» клубунда иштеген Криштианунун атасы аракты өтө жакшы көргөн.  Анын кесепетинен боор ооруга чалдыгып каза тапкан. Ал кезде Роналду 20 жашта болучу. Ал эми энеси ашканада иштеген.

Жүрөгүнөн опреация жасалып, баласынын энесин жашырып…

8 жашынан эле  Криштиану  «Андоринья» балдар командасында ойноочу. Ал эми он жашында ал Мадейрдин «Насьональ» клубуна ойноп, 13 жашында  — кичинесинен бери жакшы көргөн лиссабондук «Спортинг» клубу менен келишим түзгөн. Роналду 15 жашында жүрөгүнө операция жасалган, жашоосундагы жалгыз эрмеги топ менен кош айтышып калуу коркунучу артта калып, ал бир жылдан соң «Спортинг» клубунун биринчи курамында оюнга чыгып, биринчи матчта эле өзүн көрсөтүүгө жетишкен.

Аны 16 жашында «Ливерпульдун»  тренери Жерар Улье байкаган, жаш деп португалдык менен келишим түзүүгө шашылган эмес. Ал эми 2003 -жылы жайында Криштиануну «Манчестер Юнайтеддин» башкы машыктыруучусу сэр Алекс Фергюсон байкап дароо эле  12 млн. фунт берип  «Спортингден»  Роналдуну сатып алган.

2006-2007 — жылдар аралыгында Роналдуга Футбол Ассоциациясы: Сезондун эң мыкты жаш оюнчусу,  Сезондун эң мыкты оюнчусу жана колдоочулардын тандоосу менен сезондун мыкты оюнчусу деген жеке сыйлыктарды тапшырганга жетишкен. Келерки эки сезондо футболчу көптөгөн клубдук рекорддорду койгон.

2008-жылы ал Чемпион Лигада мыкты чабуулчу, 1968 жылдан берки «Юнайтеддин» курамындагы оюнчулардын ичинен алгачкы  Алтын топтун ээси жана Премьер — Лигадагы FIFA World Player of the Year наамын алган биринчи оюнчу болгон.

2009-жылы июнда ал 80 млн. фунт (95 млн. евро)  рекорддук сумма менен «Реал Мадрид» командасына өткөн. Ал эми 2010-жылы Роналду уулду болуп, өзүнүн урматына баласын да Роналду деп атаган. Бирок, Роналду баланын энесин атын жашырып  көрсөтүүдөн баш тарткан.

Зордукталган кызга 370 миң доллар төлөп деп…

Жакында эле , немис басылмасынын билдиришинче, футбол жылдызы Криштиану Роналду сегиз жыл мурун болгон зордуктоого тиешеси бар. Ал эми футболчу мунун баары жалган жалаа экенин айтууда. «Реал Мадрид»  футбол  клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кыз зордуктоого шектелип жатканын Der Spiegel немис журналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 2009-жылдын 13-июнунда Роналду эс алып жүргөн Лас-Вегастагы отелдердин биринде болгон имиш. Аты аталбаган 20 жаштагы кыз окуядан кийин футболчунун үстүнөн арызданууну чечкен. Басылма соттук териштирүү менен коомдук резонанстан оолак болуу үчүн Роналду жабырлануучуга 375 миң доллар төлөгөнүн жазат.

Атасы менен…

Келишимге ылайык, зордукталган кыз арызын артка кайтарып, окуяны сыр боюнча сактап калууга сөз берген. Кийинчерээк «Алтын топтун» төрт жолку ээси немис басылмасынын маалыматын четке кагып, «ойдон чыгарылган окуя» экенин айткан. Роналдунун билдирүүсү анын агенти Жорже Мендешанын расмий сайтына жарыяланды.  «Макалада журналисттик фантазиядан башка эч нерсе жок. Айтылып жаткан кыздын ким экени белгисиз.

Басылма эч кандай кол коюлбаган документтерге негизделген. Маалымат жалган,  демек Роналду бул журналга колунда бар мүмкүнчүлүктөр менен каршы турууга аракет кылат», — деп айтылат билдирүүдө. Der Spiegel жабырлануучу кыз менен байланышууга аракет кылганын, бирок андан эч майнап чыкпаганын жазган.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here