Киев шаарында  «Инстаграм»  колдонуучусу «Анастасия Олеговна»  өз баракчасына бул укмуштуудай сүрөтүн жүктөп, учурда бул маселе катуу талкууга алынууда. Ал обу жок кыз пасха майрамына жасала турган, салтка айланган “куличти”, өз төшүнөн «жасап», жар салып, анан да “мени мындай төшүм үчүн сүйгөндөр азайып кетпейт”-деп жазган. Анын бул жоругу катуу сынга алынууда. Эске сала кетсек, пасха майрамы эки күн мурун майрамдалды. Бизде да бул майрамды күтүп майрамдаган орус туугандарыбыз абдан көп. Бирок алар Украинанын обу жок жаштарына окшоп, мынчалык ашыкча кетишпейт.

Дагы бир маселе, Президент Атамбаев бул майрам менен орус мекендештерибизди куттуктап койсо, аны да сындагандар көп болду. Азырынча сын бүтө элек. Буга чейинки качып кетишкен президенттерибиз деле бул майрамды куттуктап келишкен. Бирок ал кезде мынчалык сын айтылган эмес. Демек, барган сайын ашыкча эле сынчыл болуп баратат окшойбуз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here