Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Могол айылында 22 адам тамакка ууланды. Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери Батырбек Субанкулов «Азаттык» радиосуна билдирди:

-15-апрелде Правда деген айылда тойго барышкан. Ал жерден үйгө салат алып кетишкен. Желим баштыкта ал дымдалып калган салаттан ууланышкан. Бизге 17-апрелде жарымы кайрылды. Эртеси күнү жарымы келди. Азыр баары Инфекция бөлүмүндө дарыланып жатышат. Алар фунчоза жана оливье салатынан ууланган.

Субанкулов азыр дары-дармек жетиштүү экенин билдирди. Жабыркагандардын экөөнүн абалы орто, калгандарыныкы канааттандырарлык. Адистер жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча быйыл жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 31 учур катталып, 64 адам жабыркаган. 2016-жылы тамактан ууланган сегиз адам каза болгон

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here