Жүрөктүн үшүн алган тасмага Алматы облусунун Карасай районунун полицейлери  күбө болушту. Кадрда аялды мыкаачылык менен өлтүрүү тартылган. Бир нече күн мурун кичи райондордун бириндеги «Асыл арман» аптекасынын фармацевти өлтүрүлгөн. Белгилүү болгондой ага 20 жолу бычак урулган. Андан бир сутка өтпөй өлтүрлүгөндүн жолдошу Азамат Кулымбетов шектүү катары кармалган.

Тасмадагы Жанар Насырованы мыкаачылык менен өлтүргөн өзүнүн мыйзамдуу күйөөсү болушу мүмкүн. Азамат Кулымбетов өз аялын так иштеп атканда 20 жолу бычак уруп  өлтүргөн.  Жакындары жана достору Жанардын өлүмүнө ишене албай, киши өлтүргүч өз жазасын алышын талап кылууда. «Мен болгону ушу мыкаачы жазасын алышын каалайм, бүгүн ал Жанарды өлтүрсө, эртең, дагы бир адамдын өмүрүн кыят. Ал киши өлтүргүч. Муну азыр Карасай районунун полициясы карап жатат», —  деп билдирди өлтүрүлгөн аялдын тууганы Болатхан Насыров.

Жанардын тайакесинин айтымында, 14 февраль күнү жубайлар уруша кетишип, Азамат Кулымбетов аялын уруп салган. Мындан кийин, Жанар Насырова полицияга арызданган.  «Ошондо эле биз полицияга арыз жазганбыз. Бирок, Жамбыл районунун ИИБи көңүл бурган эмес. Ошол күнү мен өзүм Азаматыга кармап алып баргам. Алар аны кайра коё берип жибериптир»-  деди Б.Насыров.   Учурда, аталган кылмыш иши боюнча кылмыш иши козголуп, өзгөчө иш катары көзөмөлгө алынууда.

«Биздин кызматкерлер тарабынан 1983-жылы туулган Азамат Кулымбетов кармалган. Азыр бардык иштер жасалууда. 99-берененин биринчи бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Эгер, ал кылмыш кылса жазадан эч кайда кутула албайт», — деп айтты Карасай районунун ИИБ башчысынын орун басары Улан Садыков.

Жанар Насырованын 2 баласы жетим калды. Шектүү Азамат Кулымбетовго 15 жыл эркинен ажыратуу каралууда.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here