Чагылган: Лондондогу америка элчилигинин кызматкерлери 3 айлык наристени чоңатасы сөзүнөн жаңылганы үчүн террорист катары суракка алгандыгын  The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 3 айлык Харви Кениьон — Кэйрнсти суракка алууга, анын чоң атасы визалык документтерди толтуруп жатып: » Сиз террорчулукка, алдамчылыкка жана тукумкуруутучулукка катыштыгыңыз барбы?»  деген суроого жаңылып «ооба» — деп жооп бергендиги себеп болгон.

Айтылгандай, чоңата небересине виза бербей коюшканда гана сөзүнөн адашып калганын аңдаган. » Алар мен сөзүмөн адашып айтып алганыма ишенбей, 3 айлык наристеден шек санагандарына таңкалып турам» — дейт 62 жаштагы чоңата.

Ал белгилегендей, 3 айлык Харви суракка алынып атканда эч ыйлаган эмес, а тургай элчиликтегилердин күлкү келээрлик кылыгына карабай  жалаякты булгап койгон.

«Албетте, Харви тукумкуруутучулук (геноцид)  менен эч качан аралашкан эмес бирок, ал буга чейин бир далай жалаяктарды куруткан. Бирок, мен бул жөнүндө  АКШ элчилигинин кызматкерлерине айткан жокмун» — деп билдирди чоңата.

Аталган үй бүлө алгачкы визаны алалбай калган соң, кайрадан 3 миң фунт стерлинг коротушкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here