Түркиянын мамлекеттик Анадолу агенттиги референдумда добуштардын 100 пайызы саналып бүткөнүн кабарлады. Добуш бергендердин 23 млн 187 миңи парламенттик башкаруудан президенттикке өтүү үчүн “ооба” деп жооп берген. Бул референдумга катышкан шайлоочулардын 51,37 пайызын түзөт. 48,63% каршы чыккан. Бул соңку 100 жылдагы өлкө башкаруудагы эң ири реформа.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктары кеңейет жана ага дагы 10 жыл бийликте калууга жол ачылат. Премьер-министрдин кызматы жоюлуп, өзү вице-премьерлерди, Конституциялык сот, Соттордун Жогорку Кеңешинин мүчөлөрүн, прокурорлорду дайындайт. Парламентти таратып, өзгөчө кырдаал жарыялоо укугуна ээ болот.

Оппозициялык партиялар жана маалымат каражаттары референдум учурунда көптөгөн шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар катталганын билдиришти. Добуш берүү күнү үгүт иштерине тыюу салынганы менен бийликтеги партиянын плакаттары ири шаарларда илинип турганын, добуш берүү жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыгышты. Оппозиция өкүлдөрү шайлоо участкаларынын 60 пайызында ар кандай жаңжалдар катталганын жана бийлик жараксыз болгон 1,5 млн добушту кошо эсептеп койгонун билдиришти. Мындай маалыматты «Азаттык» жазып чыкты.

Кыскасы, бир сөз менен айтканда Президент Эрдогандын эл менен эсептешпеген өзүм билемдиги күч менен административдик ресурс менен ишке ашты десек болот.  Мунун арты жакшы болобу, же жаман болобу аны убакыт көрсөтөөр.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here