— Тазабек мырза, маалымат каражаттары сизди парламенттик жыйында электр энергиясынын баасын кымбаттатуу керектигин айтып чыкты дешип сынга алышты, ушул туурасында оюңузду уксак дедик эле…

— Учурда коомчулукта электр энергиясына болгон баага, “акылдуу эсептегичтерге” нааразычылык арбын. Жогорку Кеңешке “Энергохолдингдин” өкүлдөрү келгенде, мен светтин баасын арзандатуу зарылдыгын айткам. Тилекке каршы, 24.kg сайты,  НТС каналы сыяктуу айрым маалымат каражаттары менин сөзүмдү бурмалашып,  тескерисинче кымбаттатуу керектигин айтты деп маалымат таратышты. Журналисттик этиканы сакташпай, эмне себептен каралашты түшүнгөн жокмун. Стенограмманы карашса деле болот, мен электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселесин айткан эмесмин. Мен “Токтогул” ГЭСинен чыккан электр энергиянын баасы 22 тыйын болсо, бул жакка жеткенде 2 сомго айланып жатат, ортодогу айырма өтө чоң, эмне себептен кымбат деген маселени козгогом. Мына азыркы кезде карапайым эл 700 киловаттан  ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат. Ушул жерде коррупция орун алган. Элдин бир айда жаккан электр энергиясына чыккан баа менен кийинки айдагы электр энергиясына болгон баасы эки башка чыгып жатат. Маселен, биринчи айда 2 миң сом төлөгөн болсо, кийинки айда 4 миң сомго чыгып, эки эсе көбөйтүлгөн көрүнүштөр арбын. Эки айда тең бирдей эле электр энергиясы колдонулган, бирок баасы эки башка. Карапайым жарандар болсо өздөрүнүн чындыгын далилдей албай жатышат. Булар ушундай далилдөөгө мүмкүн болбогон элдин канын сорууга багытталган коррупциялык схеманы түзүп коюшкан. Балким электр тармагын тейлегендер элден 2 сом 16 тыйындан алып, мамлекетке 77 тыйындан төлөп жаткандыр. Ортодогу акча кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатышы мүмкүн да. Анткени далилдей албай тургандай схема түзүп, элдин башын айлантышып, ар башка баа коюп коюшту. Энергетиктер 700 киловатт 77 тыйын, андан ашса 20 сом 16 тыйын деп башты айлантпай, бирдей тариф бекитиш керек. Мейли 80 тыйын, балким 1 сом болсун. Бирок 2 сом 16 тыйын деген кымбат. Бул тариф дагы Казакстандан электр энергиясын импорттоп жаткан учурда коюлган. Бүгүнкү күндө импорт жок. Бирок баа төмөндөбөй, ошол бойдон калып калды. Азыркы тапта Бишкек жылуулук борборунан ысык суу, жылуулук албаган шаардын сыртындагы конуштар, менен алыскы аймактар бирдей эле 2 сом 16 тыйын төлөп жатышат. Бул деген акыйкатсыз да. Мен мына ушул теңсиздикти айтып жатам. Албетте, муну менен мен шаарда жашагандардын көп төлөсүн дегенди айткан жокмун. Болгону элдин арасында нааразычылык, ажырым жаралып жатат, ушул маселени акыйкаттык менен чечүү, светке болгон бааны арзандатуу зарылдыгын көтөрдүм. Бирок электр тармагында коррупция менен тыгыз байланышы бар кимдир бирөөлөр менин сөзүмдү бурмалатышып, элге жаман көрсөтүүнү көздөштү. Арийне мен буга капаланбайм. Баарын Кудай көрүп турат. Элдин канын соргондор эртедир-кечтир жооп беришет…

— Сиздин “Водолаз” каймана аты бар Максат Абакиров жана Канжар Кадыралиев баш болгон жарандар менен түшкөн сүрөтүңүз интернет булактарында тарап, чоң талкуу болду. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Бул жерде социалдык тармактарда жазылып жаткандай эч кандай криминалдык көрүнүш жок. Бирок мен бул сүрөткө качан түшкөнүмдү билбейм.

Менде мындай сүрөт жок. Ошол сүрөттө баары сүрөт тарткан жакты карап турушат, мен башка жакты карап калгам. Ырас, мен Максат Абакировду дагы, Канжар Кадыралиевди дагы тааныйм. Сүрөттөгү балдардын баары спортсмендер экен.

Айрымдар жазып жаткандай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эмес. Мен Максатты да, Канжарды дагы спортсмен катары билем. Максат Көлдөн бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон шайлоодо, элдин колдоосуна ээ болуп жеңип чыккан.  Канжар прокурор болуп иштеген. Андыктан “жумурткадан кыр издеген” туура эмес.

— Сиз кыргыз тилинин статусун көтөрүү тууралуу маселени көп көтөрөсүз. Бирок ар качан сиздин айткандарыңызды тескери бурмалап жазышат. Буга эмне себеп?

—  Мен мамлекеттик жогорку кызматка келген аткаминерлер сөзсүз кыргыз тилин билиши керек деп эсептейм. Мына Советтер союзу тарагандан бери, бардык өлкө өздөрүнүн мамлекеттик тилинин баркын көтөрүү, өнүктүрүп-өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, патриоттук сезим менен мамиле кылып жатышат. Жалгыз бизде гана орус тили расмий тил катары кабыл алынып, кош тилдүүлүк өкүм сүрүүдө. Кыргыз мамлекетинде жашап, суусун ичип жаткан айрым адамдар ичкен кудугуна түкүрүшүп, “мага кыргыз тилинин кереги жок” дешип, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүүгө, өнүктүрүп-өстүрүүгө бут тосушат.  Мен өз мамлекетинде, өз жеринде, өз элинде эне тилдин тоскоолдукка учурап, кодуланып, жерилгенине аябай ичим ачышат. Ушул нерсени айтып, эсибизге келбейлиби десең эле, орус тилдүү маалымат каражаттары “улутчул”, “орус тилине каршы чыгууда” дешип каралап жатып калат. Мына ушундан улам, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинин көйгөйлөрүн айтуудан коркуп, жазганып турушат. Чынын айтканда, Кыргызстанда орус тили эмес, кыргыз тили басмырлоого учурап келет. Орус журналисттери ар дайым кыргыз тили туурасында көтөрүлгөн маселени бурмалап, тескери жагынан чагылдырышат. Кыргыз тилдүү журналисттер ушул жагдайды элге туура багытта жеткирүүдө аксап жатышат. Эне тилибизди өзүбүз барктап-баалап көтөрбөсөк, башка улуттун өкүлү келип өстүрүп-өнүктүрбөйт.

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here