Чагылган: Ушул жылдын апрель айынын аягында, Бишкекте маданияттын алгачкы форуму өтөт. Буга бюджеттен миллиондор бөлүнүп, конокторду эң жогорку деңгээлде тосуу күтүлүүдө.

Шаардык маданият башкармалыгынын маалыматында, Кыргызстан Азия- Тынч Океан секторунун CIOFF жана Эларалык Делфий комитетинин мүчөсү. 2016 -жылы Кыргызстанга форумду уюштуруу вазыйпасы тийген. Иш -чаранын программасы тактала элек, бирок, даярдык канча акчаны чапчыры дайын болду.

Өзгөчө шарттарга өтө басым жасалып…

Мыйзамды бузуу менен Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы,  форумду өткөрүүгө тендер жарыялап, ага бюджеттен 2, 953 миллион сом бөлүнгөнү айтылууда.  Анын ичинде, типографиянын, фотографтын жана оператордун кызматына 225 миң сом каралган. «Келишим, төмөндөгү талаптарга ылайык тарап менен түзүлөт» —  деп мэрия бир нече талаптарды жана жабдуу каражаттарынын маркасына чейин көрсөткөн.

Дагы 200 миң сом, транспорт чыгымдарына  жанаэл аралык жана эларалык класстагы 18 орундуу  4 кичи автобус жалдоого бөлүнгөн. Бюджеттен каралган көбүн мэриядагылар келген конокторду      » өзгөчө шарты » менен мейманканаларга жайгаштырууга бөлөт.

Булардын тендердеги талабы боюнча, отелде семинарларды өткөрүүгө делип 100 киши сыя турган жок дегенде 3 конференц — залы болууга тийиш. Ошондой эле отель шаардын чок ортосунда болуу керек деген талаптарын эске алганда, бул келишимдер алдына-ала сүйлөшүлөп коюлган деген шек жаратат. Анткени, мындай талаптарга Бишкекте бири-экин эле отелдер жооп берет эмеспи. Буга 4 жылдыздуу отелдердин эле шарты туура келет.  Анан да аларда, «Отель» атын тастыктаган  эларалык документ болуу керек экен.   Андан тышкары, мейманканада  100дөн (стандарт, жарым люкс, люкс)  кем эмес номер болууга тийиш. Номерлерде кондиционерден баштап, IP — телевидение , кичибар болушу абзел. Негизги талап, унаа токтотуучу жай, бар жана ресторан, орг техникасы менен Интернет. Мындай ыңгайлуу шартка 1 миллион 286,8 миң сом сарпталат.

Котормочуларга эле 330 миң сом коройт жана жаратылыш койнунда эс алдырып…

Форумга бюджеттен которулган миллиондогон  мамлекеттин акчасынын, 328, 2 миң сому англис, француз, араб тилдерин билген котормочуларга кетет.  Кыргыздар меймандос келет эмеспизби, келген конокторду Бишкетин борборундагы кымбат ресторандарда сый көрсөтүүгө 913 миң сом бөлүнгөн.  Форумдун катышуучуларына андан тышкары, шаар күнүнө карата, мэр Албек Ибраимовдун катышуусу менен майрамдык кече да уюштурулган.

Бир жумалык кабыл алуунун акырында меймандарды, «Ала-Арча» жаратылыш паркында эс алууга чыгаруу пландалууда. Мэриянын чиновниктери тендердеги талапта, ресторандар премиум-класста болуу керек экенин сары өң менен өзгөчө бөлүп көрсөткөн.  Коноктордун көңүлүн жергиликтүү артисттер ачмакчы. Анда алып баруучулук милдетти кыргыз-орус жана англис тилинде эркин сүйлөгөн «тамадага» тапшырат.  Бул кечээ бийсиз да өтпөсө керек. Буга дагы ишенимдүү тажрыйбасы бар, ар стилдеги музыкадан кабары бар ди-джейлер тандалса керек. Бул жагын тендерлик комиссия текшерет. Эми ушунча чоң акча корой турган иш чардан Кыргызстандын маданиятына эмне пайда болот? Бул суроого азырынча жеткиликтүү жооп жок. Кыскасы, биздин атка минелер көп акча коротконду абдан жакшы көрөт. Анан андан өөнөп калууну да мыкты өздөштүрүшкөн. Маданиятыбызга кандайдыр бир пайдасы болсо, мейли колдоого алалы. Болбосо, баягыдай эле ичип-жеген, ысырапкорчулук болсо, барынан жогу жакшы эмеспи…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here