Чагылган: «Мисс Россия — 2017» сынагынын женүүчүсү Свердлов облусунан келген 21 жаштагы Полина Попова болду. Сынактын финалы Барвиханын Luxury Village концерттик залында өттү.
«Мисс Россия — 2016″ Яна Добровольская Полина Поповага бриллиант жана жемчуг менен кооздолуп, ак алтындан жасалган 1 млн. доллар турган таажыны кийгизди. Мындан тышкары, 3 млн. рубль жана жаңы автоунаа белек берилди. Жеңүүчү андан тышкары, Россиянын атынан » Дүйнө сулуусу» жана » Мисс Вселенная» сынактарына катышууга жолдомо алды.
Биринчи «Вице- мисс Россия- 2017» болуп Москвалык Ксения Александрова жана экинчи «Вице- мисс Россия- 2017» болуп Башкортостандан келген Альбина Ахмятова болду.
https://www.youtube.com/watch?v=zzNjABSDw-Q