«Эх, тагдырдын жазмышы ушул экен» — деп оор үшкүрүп, жашоону «азап» катары билип жашаган инсандарыбыз арабызда жок эмес. Турмуш бирөө үчүн — бакыт, экинчисине — кайгы. Бул жашоодо бирөө өз тагдырына балта чаап, турмуштун тайкы жолуна түшсө, ал эми бирөө «кайсы жазам үчүн бул тагдырга туш болдум?» — деп жоопсуз суроого чумкуп жашагандар андан көп. Нижне-Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн улгайган жашоочулары. Алар: «Тагдырыбызга ушул күндөр жазылган болсо да, жашоодон үмүт үзбөйбүз. Себеби бул — тагдыр. Ар бир адам баласына биздин жашыбызды берсе да, тагдырды буйрубасын» — деп оор улутуна, өз баштарынан өткөргөндөрүн божурап отурушту.

Осмонбаева Ташбүбү Асановна:

— Карылар үйүнө келгениме 8 жылдын жүзү болду, 2009-жылы келгем. Адам баласына жашоодо кандай гана күндөр туш келбейт? Өзүм Каракол шаарындагы облустук ооруканада иштечүмүн. Ошондо бутумду үшүккө алдырып, шашылыш түрдө операция жасаттым. Тилекке каршы, эки бутумдан тең ажырап калдым. Албетте, бутум жок болгондон соң, бирөө мага кам көрүп, караш керек экен. Багар киши жоктугунан бул жакка келип отурам. Тагдырым ушул нерсе менен байланган болсо эмне кылмак элем. Өлгөнчө ушул жашоону кечирем. Тирүү туруп жашоодон кантип үмүт үзөм?! Карылар үйүн «жаман» деп айтуудан алысмын, анткени болгон үмүтүбүз бул жак болду. Бирок өз үй-бүлөң менен бирге жашаган күнгө эч нерсе жетпесе керек? Учурда бул жакка кайрымдуулук катары жардам берип, же концерт коюп, көңүлүбүздү көтөрүп кеткендерге ыраазы болом. Алар биздин бир күндүк өмүрүбүздү жакшы нерселер менен өткөрүп, бир аз болсо да жок болуп бараткан үмүтүбүздү көтөрөт. Мен айтар элем «тагдыр» деп тирүүлүктү кечип кетүү туура эмес. Бир келген жашоодо ар адам өзүнө тиешелүү өмүрдү кечирүүсү керек.

Нурукова Гүлзина:

— Мен бала кезимден эле майыпмын. Ата-энем аракет кылып 6 жашымда балдак менен бастырды. Эми тагдыр ушул, жашоого ушундай келдим. Бирок, майыпмын деп отуруп калган жокмун. Турмуш куруп, бир кыздуу болгонумда жолдошум каза болду. Алгач Таластагы майыптар үйүнө баргам, 1999-жылы бул жерге келдим. Ошондон бери ушул жерде күн кечирип келем. Өзүм Ысык-Көлдөн болом, бир туугандарым кабар алып келип турушат. Турмушта кандай тагдырга туш келсек, ошентип жашайбыз. Мен эч качан жашоодон үмүтүмдү үзбөйм. Учурда кызым 9-класста окуйт. Ошол кызым үчүн жашашым керек. Анын чоңоюп, эрезеге жетип, бактылуу болуп жашаганын көргүм келет. Чындыгында тирүүлүктөн баш тарта албайсың… Мен бир аз болсо да өзүмчө басам, кыймылдай алам. Бул карылар үйүндө ордунан тура албаган карыялар бар. Аларды көрүп, кайгырып-ыйлаган күндөрүмө тобо келтирем.

Адам баласына бул жашоо бир эле жолу келет. Ошол бир келген жарыктыкта ар бир өтүп жаткан мүнөттү бактылуу көз ирмемдер коштоп, жогорудагыдай тагдырды эч кимдин башына салбасын. Тагдырдын татаал жолунда ар ким өз жолу менен басып, жардамга муктаж инсандарыбызга кайрымдуу болууга чакырып кетели.

Дүйшөбаев Кадырбай:

— Карылар үйүнө тааныштарым аркылуу келдим. «Бул жашоо — сыноо» деген туура экен. Менин башымдан канчалаган оор күндөр өттү. Иним менен уулум каза болгондо өзүмдү-өзүм жок кылууга чейин бардым. Бирок, өмүрдө көрөр күн, ичээр суубуз калбай калганча жашай берет экенбиз. Үй-бүлөм жок, бир тууган эже-карындаштарым бар. Алар жардам көрсөтмөк тургай, ал-акыбалымды суроого жарашпайт. Өзүм жарым жанмын, аш- казан, боор, бөйрөгүм бүт ооругандыктан дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болом. Алгач Бишкектеги карылар үйүнө келгем, акыбалымдын оорлугунан бул жакка которушту. Себеби шаарга караганда азыркы жашаган жерибиздин абасы таза. Менде бала, үй-бүлө деген жок болгондон кийин жашоонун кызыгы да жок…

Учурда өз ата-энелерин таштап кеткен ырайымсыз балдар бар. Байкуш ата-энелер ошол баласын ак эмгек менен мээнет кылып чоңойтуп, эрезеге жеткирсе, минтип үйүнөн кууп таштап кеткени бул — жеткен наадандык. Кээде туруп: «Бул тагдырдан адам баласы өлгөндө гана кутулат окшойбуз»,-деп ойлонуп калам.

P.S. Адам баласына бул жашоо бир эле жолу келет. Ошол бир келген жарыктыкта ар бир өтүп жаткан мүнөттү бактылуу көз ирмемдер коштоп, жогорудагыдай тагдырды эч кимдин башына салбасын. Тагдырдын татаал жолунда ар ким өз жолу менен басып, жардамга муктаж инсандарыбызга кайрымдуу болууга чакырып кетели.

Даярдаган Гүлшаир Турдалиева

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here