— Алмаз мырза, депутат болгону кандай  көйгөйлөрдү көтөрүп, эмнени жасаганга үлгүрдүңүз?

— Менин депутат болуп келгениме аз гана убакыт болду. Андыктан бары-жоктун баарын бүтүрүп, элдин көйгөйлөрүн чечип таштадым деп айтсам туура болбой калат. Албетте, мамлекетке, эл-жериме пайда келтирейин деп келгенден соң, сага ишенип берилген милдетти жоопкерчилик менен аркалоо керек деп эсептейм. Элдин жүгүн көтөрүү, ишенимин актоо оңой эмес. Андыктан ар бир кылган ишиң, элдин, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо салымын кошкондой болушу керек. Мен өзүм Аксы районунан депутат болуп келдим. Депутат болгондон бери Аксы жергесиндеги көйгөйлөр менен таанышып чыктым. Учурда таза суу көйгөйүн чечүү багытында, сырттан донорлорду тартып, Таза суу долбоорунун жетекчилиги менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле азыркы заманбап, илим-техника өнүккөн шартта Аксы жерине интернет киргизүү багытында Мамлекеттик байланыш комитети менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жакынкы убактарда чечилгени турат. Кербен шаарын айланып өткөн айлампа жолду салуу, Сары-Челекке кеткен жолду оңдоо боюнча Транспорт жана жол министрлиги менен тыгыз кызматташып, элдин койгон талаптарын, көйгөйлөрүн чечүүгө аракет көрүүдөбүз.

 — Кандай багыттагы мыйзамдарды жаздыңыз?

— Бүгүнкү күндө жаратылышты коргоо багытындагы мыйзамдарга көңүл буруп жатам. Учурда жаңгак жана арча токойлорун кыюуга тыюу салуу боюнча  мыйзам кабыл алып жатабыз. Буга чейин жаңгак дарагын кыюуга убактылуу мораторий киргизилген экен. Биз мораторийди дагы 2030-жылга чейин узартып жатабыз. Коомчулук жакшы билгендей, буга дейре жаңгак дарактарын кыйып, кап кылып сатуу аябай күчөп кеткен. Мораторий киргизилгенден кийин бул көрүнүш токтоду. Биз жаңгак токойлорун сактап калышыбыз абзел. Аксы эли көбүнчө жаңгак менен оокат кылышат. Жер аябай тар. Көп мал кармай алышпайт. Гектарлап иштеткенге жер жок.

 — Учурда бир топ аткаминерлер камалып жатат, саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

— Саясат деген татаал нерсе экен. Камалып жаткандардын канчалык күнөөсү барын сот аныктайт. Баары мыйзам чегинде болушу шарт. Бизге эң негизгиси тынчтык керек. Ыр-чыры жок президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз керек. Тынчтык болсо гана өнүгүү болот. Ынтымагы, биримдиги жок эл бакубат жашоого жетпейт. Андыктан жасалып жаткан кандай гана иш болсун, баары мыйзам чегинде болушу кажет. Эл деле баарын көрүп-билип, таразалап турат. Башаламандыкка жол беришпейт.

 — Парламент тарайт деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Парламентти таратуунун өзүнүн Конституцияда жазылган жолдору бар. Бирок менимче, азыркы шартта Жогорку Кеңештин тарашына эч кандай негиз жок. Президенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңешти таратып, өлкөдө хаос болушун эч ким каалабайт.

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here