26 жаштагы Жеред Чинок мындан 3 жыл мурун катуу унаа кырсыгына кабылып, белден ылдый жагы кыймылдабай калган. Ага Калифорния университетинин жана Майо ооруканасынын доктурларынын жардамы менен белден ылдыйкы жагын сезип-туюп, басып да калды. Доктурлар анын омурткасына нерв байламталарын калыбына келтирүү үчүн  акылдуу электростимуляцияны колдонушту. Чиноктун омурткасына имплант коюлуп, булчуӊдарын электр-стимуляция кылып мээге сигнал берет. Анын жардамы менен балдактын ордуна мурункудай эле басып жүрүүгө болот. Чиноктун айтуусунда аппаратты омурткага кошкондон кийин эле ал буттарын кыймылдатып, сезе баштаган. Албетте, мындай аппарат бардык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коюла бербейт, 22 жума нейрохируг, терапевттердин көзөмөлүндө болуп, дагы өнүккөндөн кийин гана медицинада колдонула баштайт.

Пилотсуз-курьер Пантера

Техниканын өнүгүшү менен адамдын жашоосу күн санап жеӊилдеп баратканы кубандырат. Мурда алган оокатыбызды же жүгүбүздү бирөөгө жалдырап, суранып отуруп араӊ үйүбүзгө алып келсек, эми жүктү өзү үйүӊүздүн алдына чейин жеткире турган пилотсуз-курьерлер чыкты. Албетте, азырынча Кыргызстанга келе элек, сатууга да чыга элек. Пантера пилотсузун Advanced Tactics компаниясы тарабынан иштелип чыкты.

Пантера негизинен абада жүк ташый турганга атайын ылайыкталган. 6,8 кг жүктү ташый алат. Пантеранын өзүнүн салмагы 20 кг, узундугу 112 см, туурасы 34 см. Анда камера жана динамикалуу микрофон бар. Ал жүктү кардардын эшигинин алдына гана алып барбастан складына да алып бара алат. Азырынча бул аппараттын аксессуарлары жана батареясы 1999 доллардан сатылууда.

Автор: Самара Саламатова

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here