Чагылган: Кечээтен бери Нарында абакта жаткан криминалдык авторитет деп саналган, «Сакал» деген ат менен таанылган Улан Токтосунов ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат талкууга түштү.  Бул тууралуу анын жубайы маалымат берген.

17 жылга эркинен ажыратылган  Улан Токтосунов Нарындан Бишкектеги абакка которуу талапты коюп, буга байланыштуу ачкачылык жарыялаптыр. Себеби, анын аялынын айтканына ишенсек, ал үй бүлөсү менен да жолуга албай жатыптыр. Аялы 3 баласы бар экенин, жума сайын Нарынга барып келүү кыйын болуп жатканын, күйөөсү Бишкекке которулушу керек экенин айткан. Белгилей кетсек, “Сакал” чаламандын чак түшүндө Дамир Сапарбековду атып салып, изин суутуп кеткен. Бирок бир канча убакыттан кийин, ( Түркиядан мыйзамдагы ууру сатусун алгандан кийин деп айтылып келет) Бишкекке өзү келип, милициянын колуна түшүп берген. Ал мыйзамдагы ууру статусун алган соң, узак убакыт бою качып жүрө берсе, авторитети кетет деп айтып чыгышкан. Себеби, “каралар” дүйнөсүнүн жазылбаган мыйзамы ушундай дешет.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы “Сакалдын” ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат жок экенин билдирди. Чынында “Сакалдын” ачкачылык кармап жатканына көпчүлүк ишенип-ишенбей турат. Кармаса да, анын бул кадамы өзүнчө бир саясат го. Эмнеге дегенде, Нарындагы түрмөнүн шарты катаал. Бишкектеги, Чүйдөгү башка түрмөлөрдөй эмес. Ал Теңир-Тоодогу түрмөдө көп нерсени жасоого мүмкүнчүлүк жок.

Чынында эле, “Сакал” Кыргызстанга жөн жерден келген эмес, крим чөйрөдө таасир талашуу үчүн келгендиги айтылып келет. Ал тургай анын артында атка минерлер Нарындан Чеченстанга кызыл килем менен кастарлап узатып жиберишкен кадимки Азис Батукаев турат дешет. “Сакалга” чейин сыртта качып жүргөн, каймана аты “Карышкыр”, өз аты-жөнү Мурсалым Өмүрзаков Батукаевдин атынан келген. Ал Кыргызстанга келгенчекти Россиянын полициясына атайы баңгизат менен кылаткка илинген.

«Каршкыр»

Колго түшөрдөн  2 жума мурун Чеченстанга барып Батукаевге жолугуп, мыйзамдагы уруу таажысын кийгендиги боюнча да маалыматтар  чыккан. Анын Бишкектеги соту “Сакалдыкына” окшоп, көпкө созулган эмес. Ал дагы учурда Нарындын шарты катаал түрмөсүндө. “Карышкырды” катуу сындырып коюшкандыгы тууралуу маалымат тарап, ал тургай тасмасы да жарыяланган болчу.

Кыскасы, Батукаеевдин “Карышкыры”  бул жакка келгени чыныгы карышкыр боло алган жок. Анын крим чөйрөдөгү атак-даңкы көпкө созулбады. Ал эми ага караганда Батукаевчил делген “Сакалдын” аты катуу чыгып, ал тууралуу далай кеп сөздөр айтылып келет.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here