Чагылган: Ош облусунун Өзгөн районундагы Кысык-Алма айылында жер көчкү үч үйдү басып калганы боюнча маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн таратты. Ал аймактагы  көчкү жүрүп кетет деген коопту жерден жалпысынан 24 адам  15-апрелде коопсуз жайга көчүрүлг-ндүгү маалыматта айтылат. Белгилүү болгондой  бул райондо  районунда буга чейин бир канча айылда көчкү жүрүп, адам өмүрүн алган кырсыктар болгон.  Эки күн мурун  ушул эле аймактагы  Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылында жер көчүп, анын алдында  бир киши калып, анын сөөгү бүгүн эртең менен табылган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here