Чагылган: Бүгүн кечки саат алтыларда алды-артын карабай адыраңдап айдаган №199 маршуртканын айдоочусу 15 кишиси менен Байтик баатыр-Горкий көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай, өтүп кетүү үчүн жанталашып баратып, кырсыкка учурады. Аны өз жолу менен жай эмес, бир топ күүлөнүп келаткан жеңил унаа сүзгөндө, маршрутка оодарылып, бир нече метр сүрүлүп кеткен. Бул жол кырсыгы тасмага тартылып калган. Ал жердеги эл жабалактап чуркап барып, жардам берип, маршрутка ичиндеги адамдарды алып чыгышты. 6 адам жабыркап, анын ичинде 20-21 жаштагы эки кыз баштары чайкалып, ооруканага жаткырылганы маалым болду. Деги эле, эл ташыган  маршуткалардын көбү Бишкек ичиндеги жолдордо жалгыз эле баратышкандай сезишет. Басымдуу бөлүгү жол эрежесин уруп ойнобойт. Аларга жол чекесиндеги жөө адамдар акча болуп көрүнөт. Көрүнгөн жерден токтой беришет. Алды -артындагы башка машинелерге абдан эле ыңгайсыздыкты жаратып келишет.  Анан андай өзүм билемдиктен улам жол кырсыгын жараткан маршруткалар да аз эмес. Буга бул маалымат жана тасма далил.

https://www.youtube.com/watch?v=13hUyYIqNbM&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here