Чагылган: АКШнын Президенти Дональд Трамп Fox Business журналына маек берип жатып, Кытай Президенти Си-Цзиньпиге кантип уят болуп калганын айтып берди.

КЭУнун Президенти менен кезектеги жумушчу жолугушуусунда Трамп Сирияны Иракка алмаштырып алган.

Жаңы эле генералдардан маалымат алган Американын лидери, Сириянын Хомседеги аскердик базасына ракеталык сокку ургандыгын Си-Цзиньпиге мактана: «Президент мырза, десерт үстүндө, мен сизге азыр эле Иракка 59 ракеталык сокку урганымдын кабар берейинчи», — дегенде, ыңгайсыздыкты сезген америкалык  журналист «Сирияга » деп сөздү оңдоп кеткен. «Ооба Сирияга» — деген Трамп күлүп абалдан чыккан.

Кийин, маек учурунда журналисттерге, алдындагы шокалад тортунун даамына, көрүнүшүнө тамшанып атып, адашып калганын моюндаган. Биздин преизденттер деле ушинтип көп эле уят болушкан. Бирок алар өздөрү минтип кандайча уят болгонун журналисттерге эбиреп айтып беришпейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here