Чагылган: Голливуд актёру, режиссёр, 70 жашты желкелеп турган Сильвестр Сталлоне «Warner Bros» студиясын 1993-жылы экранга чыккан, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө арзыган «Кыйратуучу» («Разрушитель») тасмасында аз акча төлөп берген деп айыптап, сотко берди. Бул тууралуу «The Hollywood Reporter» басылмасы жазып чыкты.

Учурда бул иш  Лос-Анжелес шаарынын Жогорку сотунда каралууда.  Актёрдун сотко кайрылууга көрсөткөн башкы негизи,  «Warner Bros» студиясы аталган фильмден түшкөн акчаны жашырып, актёрга аз гонорар төлөп койгон.  Бирок, канча гонарар алуууга тийиш экендиги маалыматта жазылган эмес.

Тасма прокатта 58 миллион доллар таап, үй-бүлөлүк видео катары сатуудан андан да көп каражат тапкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here