82 жаштагы Азиянын эң улгайган ди-джейи  Сумико Ивамуро Японияда жашайт.  Сумиконун жаштайынан кыялы бар эле — ал музыка. Музыканы сүйүп, ди-джейликти жанындай жакшы көргөн чоң эне Токиодо жеке ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеп келген.  Ди-джейликке аралашканына 10 жылдан ашкан Сумико, бир айда бир жолу ашканадагы казан-табагын, бий аянтчасындагы жаштарга музыка коюуга алмаштырат.

Ал Токиодо өтө белгилүү ди-джей жана анын койгон музыкаларына жаштар жыргап бийлешет. Ал Sumirock деген да атка конгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here