Британиянын «Индепендент» гезити баш болуп, Британия менен Швециянын  бир катар ЖМКлары  жазып чыкканына караганда, Швециянын жаштары парламентке тез аранын ичинде өлүктөр менен интимге барууну мыйзамдаштырууну талап кылышкан.  Бул жаңылык бүтүндөй өлкөнү шок кылганы менен Европанын демократиялап бакырган урааны хаоско алып баратканынын бир далили.

   Мындай төбө чачты тик тургузган талапка, Европа коомчулугу жащы окуу программаларын күнөөлөдө. Мындай бурмалоого чынында мектептер эле эмес, бала бакчалар, бүтүндөй бир муун туш болгон. Жыйынтыгында билим берүүдөгү европрограммалардын радикалдык либералдашуусу жаңы муундагы европалыктарды тарбиялап чыкты. Анткени, ал программа бир эле билим берүүдө эле эмес, адеп-ахлак тармагында дагы “бүтүндөй эркиндикке” жана “гиперлибералдаштырууга” жол ачкан эле.  Швециянын жаштары баарын татып көрүшүп, эми чыныгы “кайфты” өлүктөр менен ырахатка батуудан алабыз деп чыгышкан.

Швециянын башкы гезити болгон «Експрессен»  жана  «Афтонбладет» басылмалары 2016-жылы Либералдык партиянын жаштар канаты инцест жана некрофилияны мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп чыккан деп жазышат. Аталган маселе жыл сайын өтүүчү Либералдык партиянын Стокгольм бөлүмүнүн жаштар канатынын жыйында көтөрүлгөн.

Жаш шведдер Швециядагы 15 жашка чейинки ага-инилер жана эже-сиңдилер ортосундагы интимдик катнашка коюлган чектөөнү тез арада алып салууну талап кылышкан. Ушуну менен шведдердин жаңы “либералдык багыты” токтоп калган эмес. Адеп-ахлакты толук эркиндикке чыгаруу үчүн күрөшкөн радикалдар “үй-бүлөдө өлүктөр менен болгон интимдик катнашка” баруу укугун талап кылып чыгышкан.

Учурда, Швецияда өлүктөр менен болгон көңүл ачуу ушунчалык жайылып, популярдуу болуп кеткендигинде, мындан улам аны “мыйзамдаштырууга” убакыт келди дешкен, жаштар массалык түрдө өз денелерин (өлгөндөн кийин) сексуалдык оргийлер үчүн “мурас кылып калтырып кетүүгө” уруксат сурап жатышат.

Швециянын либералдык жаштар партиясынын президенти Сесилия Йонссон: “Aftonbladet” гезитине мындай деген пикирин билдирген: “Кимдир бирөө инцест менен некрофилияны жат жана жийиркеничтүү көрүнүш катары эсептеши мүмкүн экенин түшүнүп турам. Бирок, бүгүнкү күндө Европадагы мыйзамдар эскирип калган моралдык категорияларга негизделбеши керек. Ар бир швед ал өлгөндөн кийин анын денеси менен эмне кылууну өзү чечиш керек. Эгер швед өлгөндөн кийин өз денесин музейге сактоого же тажрыйбалар үчүн кескилөөгө уруксат бере алса, эмнеге аны интим (секс) үчүн мыйзамдуу түрдө калтыра албайт? Бүгүнкү күндө бул толук кандуу “адамдын укугу”, “норма” болуп, Швециянын мыйзамына бекитилиши керек”.

Азырынча бул тайманбай айтылган сунушту Швециянын Либералдык партиясынын башкы бөлүмүндө четке кагышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here