Кыргыз эстрадасында тынымсыз эмгектенип, өз күчү менен бийиктиктерди багындырган, элдин сый-урматына өз күжүрмөн эмгеги менен жеткен ырчылардын катарында Сонунбүбү Кадырова да бар. Ырчы өзүнүн ой-толгоолору, сырлары менен бөлүштү.

Чыгармачылык дүйнөгө аралашып калган учуруңузду эске салгым келип жатат…

-Адам төрөлгөндө эле өзүнүн дүйнөсү менен төрөлөт окшойт. Эс тарткандан кооздукка умтулуп келдим. Апамдын тилеп-сурап алган жалгыз кызымын. Жарык дүйнөгө жөн келбей, оорукчан болуп келиптирмин. Жүрөгүндө шум бар, өпкөсүндө тешик бар дешиптир дарыгерлер. Дайыма эртең менен өрүк-алма гүлдөгөн бакка алып чыгыңыз дейт. Чындыгында ошондой жарык, кооз жерлерде күлүп-жыргап калат экенмин. Ошондуктан алыскы Алайдын тоолорунун арасы менин туулган жерим болуп калса керек. Анан өпкөмдү дарылаш үчүн дайыма бээнин сүтүн ичип чоңоюпмун. Жети жашка келгиче бээнин сүтүн үзбөй ичкеним эсимде. Менин чыгармачылыгымдын башаты кооз жаратылыш жана козу-улактар. Алар менин угармандарым, досторум болду. Көрүнбөгөн дүйнө менен сүйлөшүп, ошол дүйнө менен сырдашып чоңойдум. Кийин мектепке бара баштаган учурларымда ырдаган жана ыр жазган адамдар болоорун билдим. Мен да ошолордой болгум келип ойлонуп, аларга кызыгуум артты. Бирок сабакты өтө жакшы окудум. Ошондуктан дагы ата-энем менин ырчы болушум жөнүндө ойлоруна келген эмес. Мен да айтып алардын үмүтүн сындыргым келбей,  мугалимдикти тандадым. Бирок аларга билгизбей ырдап жүрдүм. Кыскасы баары бир ырчылыктын, чыгармачылыктын сыйкырдуу деми мени акыры сахнага алып чыкты. 1986-жылы Алай элдик театрына ырчы катары кирүү менен сахнадагы турмушум башталган.

КТРКга ишке кирип жатканда “Айнагүлдү” созуп жибергенимден экзаменден өтүп кеткем деп айтканыңызды угуп калдым эле. Ошол окуяны өз оозуңуздан уксак?

-1995-жылдарда КТРде «Элдик ырлар» деген телеконкурс жарыяланып калды. Мен да бардым катышам деп. «Айнагүл» деген чыгарманы ырдадым. Конкурска тартылууга жолдомо алдым. Мына ошол учурдан баштап телеге аралашып, алгач концерттик студиянын менеджери, анан редактор болуп иштеп аралашып кеткенмин.

Бирок ага чейин эле студенттик учурда радиого келип окуп жүрчүмүн. Радио менин дикциямдын калыбына келишине чоң салымын кошкон.

Турмуштан тапкан олжоңуз жана жоготууңуз?

-Тагдырыбызга жазылган СССРдин ыдырашы биздин муундун утулушуна алып келди. Биз алган тарбия, даярдалган жашоо жолубуз асты-үстү болду.

-Алдаганды, жасакерленгенди, мактанганды, байлык үчүн жан үрөгөндү, эки жүздүүлүктү билбеген советтик жаштарга кыйын эле болду. Ошондуктан ушул кезге чейин жашоонун агымына каршы сүзүп келем. Бул оңой эмес экен. Муну менен мен советтик көз карашымдан ажырагым келбейт дегим келбейт.

Бирок мурдагы менен азыркынын жакшы жактарын жалгаштыра ала турган көрөгөч жигиттер өлкө башына келбей жүрүп отурганын айткым келет. Мен эле эмес, жалпы эл көп нерсени жоготту. Ошолордун арасында мен да өз акылыма, көрөңгөмө жараша иштей албай келем. Бул менин жоготуум. Ал эми утушум, аздыр-көптүр сага окшогон журналист кыз-жигиттер менин тагдырыма кызыгып, мени кайсы бир деңгээлде сыйлап турганы. Буга кудайга шүгүр дейли.

Бир катар теледолбоорлорду концерттерди, кароо-сынактарды уюштуруп жүрөсүз. Ошолордун арасынан эң ийгиликтүү ишке ашканы, өз жемишин бергендери кайсылар болду?

Биздин өлкөдө деги эле башталган нерсе аягына чыгып жыйынтыкталбайт. Анткени кимди-ким көрдү болуп эле келе жатабыз. Эч бир кадр жөндөмүнө жараша тандалбайт. Тууганчылык, тааныштык, жердешчилик өкүм сүргөн өлкөдө бир жумушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес экен. Ошентсе да калыстык үчүн айтышым керек, азыркы ЭЛТРнын директору Айбек Мусаев «Элдик талант» аттуу долбоорумду колдоду. Рахмат, өркөнү өссүн. Бирок башка идеясы жок журналисттер жыра тартып, ошого окшош долбоорлоду алып чыкканынан токтотуп койдум.

Аялды эмне бактылуу кылып, эмне бактысыз кылат?

Аялды бир гана үй-бүлө, жакшы эр бактылуу кылат экен. Муну жашым жарым, өмүрүм орто болгондо билип отурам. Апам айтса укпай, эрсиз деле бактылуу болсо болот да дечүмүн. Аял эрсиз башы булутка жетсе да бактылуу боло албайт экен. Анткен менен аялдар экиге бөлүнөт окшойт. Күйөөсүнүн тапканына каниет кылып, таппаса унчукпай жашай бергендер. Анан өзү кошо жарышып тапкандар. Ал эми менин тарбиям аял үйдө отурат, эркек таап келип багат деген тарбия болуп калды да. А күйөөм  таппай, бекер басып жүрүп алды. Мен бекерпоз менен өмүрүм өтүп кетсе не кылам дедим да, төрт жыл жашап эле кетип калдым. Заманыбызга да капа болом. Бизге окшоп ажырашкандар көп болду.

Адамдын мүнөзүнө жараша тагдыр берилет дейт. Тагдырыңызга карап, өзүңүзгө кандай мүнөздөмө бересиз?

Албетте. Каным менен кошо жаралган, сөөгүм менен кете турган мүнөзүм мени көп кыйынчылыкка салды. Бул – бетке айтуу. Ушак сүйлөгөндү жактырбайм. Бетине эле айтып коём. Бул мүнөз көп адамга жакпайт экен. Муну да кийин билдим. Ырас кылдың, туура кылдың деп мени колдогондордун өзү бетке айтканды жактырбасын байкадым. Азыр эми эсиме келип, бетине айтпай ал адамдан алыстап кетчү болдум. Турмуштун өзү халтура экенин эми гана түшүнүп келе жатам.

-Артты карап алып бармак тиштеп өкүнгөн учурлар болобу?

Ооба. Турмушумду өз колум менен буздум. Эч нерсе таппайт, бекерпоз, кумарпоз, араккор деп күйөөмдөн кетип калдым. Артымдан үч жыл жүрдү. Көгөрүп кайтпадым. Азыр эми ага окшоп, аялынын тапканы менен эл катарына кошулуп жүргөн эркек канча. Ошол аялдар жакшынакай эле жашап, очор-бачар болуп жатышат. Ушуга өкүнөм.

Азыркы зымырык куштай тез өнүгүп бара жаткан заманда сизди ойлонурган нерсе? Балким баалуулуктар жоголуп баратканыдыр, айтор сизди түйшөлткөн социалдык маселе эмне?

Албетте, мени өзгөчө түйшөлткөн нерсе адамдардын жан дүйнөсү. Салт-санаа, нарк-насил бир мезгилде ордуна келээр. Бирок ата-эне мээримисиз тарбияланган бир муун менен кантип жашайбыз да, кантип карылыгыбызды бакубат өткөрөбүз деп ойлоном. Баары балдарын көрүнгөнгө таштап кетип калышты. Акча салып турсам балам чоңоё берет деп ойлошту. Бирок ошол наристе ата-эне мээримин, жылуулугун көрбөй бой жетти. Мээрим көрбөгөн жаштардан кантип мээрим күтөбүз?

Эми биздин өлкө ошолордун колуна өткөнү турат. Ушуну ойлонуп, түйшөлөм.

Чет өлкөдөн келгендер кыргыздарды эч качан бири-бирине күлбөгөн, үңүрөйүп кабагын салган эл экен деп сыпатташат экен. Сиз ошол ойго кошуласызбы? Бизде жылмаюусун да аяшат экен…

-Туура айтышат. Мен да адамдардын көздөрүнөн терең кайгынын изин көрөм. Ээрчишкен жубайлардын ортосунда деле ысык сүйүү байкалбайт. Эптеп эле балдар үчүн ээрчишип жүргөн сыяктуу көрүнөт. Анан кийген кийимдеринин өңдөрү да жалаң жабык түстө. Келечектен үмүтү үзүлгөн көздөр… Жылмайса да жасалма. Мени бактылуу деп ойлошсун деп жасалма күлүп түшкөн сүрөттөрдү соцтармактардан көп көрөм. Кыскасы бир нерсе кысып тургансыйт. Муну ырчылардын үнүнөн да байкайм. Бизге караганда казак элинин бактысы байкалып турат.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here