Дүйнөлүк ырчылар өздөрүнүн таланты менен суктантып, мыкты клиптери менен  атактуу «ютубта» миллиарддаган көрөрмандарды топтоого жетишишкен. Чынында эле,  алардын айрым клиптери көргөн сайын көргүңдү келтирет десең.  Техника, сапат, бий, үн, жасалгалоого сөз жок. Бирок бир жаман жери ошол клипте адамга жаккан идея болгону менен жарым жылаңачтан ашып чечинген кыздар көп. Ал жагы биздин менталитетке туура келбейт. Биздин ырчыларбыз, клипмейкерлерибиз мыкты клип тартканды качан үйрөнүшөт? Биздикилер тартышса, баягы эле баары окшош. Тоо, көл, автокырсык, окшо, сүйүү мамиле, чайпала бийлеген чала-бучук бий, анан башка өлкөлөрдүн мыкты клиптерин туурамай ж.б. Же анысы анчалык окшошсочу. Болгон ыкмалар ушундай. Бирок арасында көңүлгө жаккан клиптерибиз деле бар деңизчи. Тилекке каршы, андайлар аз. Биздин бул айткан сыныбыз, аларга пайда болуп калгысы бардыр. Бир аз болсо да намыстанышаар, изденишер.Жакынкы жылдары кыргыз эстрадасынын сапаты жакшырып, эл аралык аренага чыкса деп тилейли. Биздин ырчылар ютупта жок дегенде 100-300 миң көрөрман топтосо гана… Ошондой калоо менен төмөндөгү рекорд жараткан клиптерди бирге көрүп, бирге тамшаналы:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here