Көптөр псориаз оорусун аллергия менен алмаштырып алып, убагында доктурга барбай дарыканадан тери аллергиясына сыйпоочу каражаттарды алып үйдөн дарыланышат. Бирок, ал туура эмес экенин дерматологдор байма-бай айтып келишет. Биз сөз кыла турган оору псориаз кайдан, кантип пайда болот жана анын дарылоо жолу туурасында кенен маалымат бермекчибиз. 

Псориаз деген эмне?

Псориаз (чакалай) – бул теринин жана баштын чачтуу бөлүгүнүн өнөкөт, кайталануучу оорусу. Анда териде «кабырчык» пайда болуп, кийин ар кандай өлчөмдөгү бляшкаларга айланат. Теринин кызарышы, исиркек кызыл тактардын пайда болушу жана бул жаранын жайылып кете бериши, теринин кургай баштаганы менен алгачкы белгилерин байкоо­го болот.

Бул ооруга ар кандай жаштагы эркектер да, аялдар да чалдыгышат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, псориаз менен бүткүл дүйнөнүн өлкөлөрүндө калктын 4% на чейин оорушат. Ооруну мезгилдүүлүгү айырмалайт. Жүргүзүлгөн көп жылдык байкоолор псориаздын жугуштуу эмес оору экенин далилдейт. Бул ооруну медициналык жана элдик ыкмалар менен дарылайт. Ошондой эле, исламдын касиети, курандын-аяттарынын күчү менен дарылагандар да бар. Алардын бири, бул дартка даба таап. 20 жылдан бери эл дарылап келаткан Албанов Карыбек ажы. Бул адам тууралуу өткөндө кыскача жазганбыз. Жакынкы арада дагы кенен жазмакчыбыз.

Пайда болуусу

Псориаздын пайда болуу теориялары бир нече: Тукум куучулук теориясы (үй-бүлөлүк учурлардын көпчүлүгү 24% дан 39,6% га чейин кеңири түрдө вариацияланып турат).  Жаракаттын системалуу мүнөзү жана кайталануулары күбөлөндүргөн вирустук теория. Негизги пайда болуу механизми болуп стресс эсептелинет. Айрым илимпоз­дор псориаздын келип чыгуу себебин иммундук системанын начарлашы менен түшүндүрүп келишет. Псориаздын пайда болуусунда адамдын организминдеги нейроэндокриндүү бузулуулар, иммунитеттин төмөндөшү, диетанын бузулуусу жана ошондой эле алкоголду ашыкча колдонуу чоң ролду ойнойт.

Дарылоо

Териде кандайдыр бир нерселер пайда болгондо дарыгер-дерматологго кайрылуу керек. Эгерде псориаз деген диагноз коюлса, ар кандай мөөнөттөрүн такташат. Дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан көз каранды. Тилекке каршы заманбап медицина псориаздан толугу менен айыгууга кепилдик бере албайт.

Оору жашыруун түргө айланып, кийин кайра чыгуусу мүмкүн. Дал ушунун себебинен дерматологдун дайыма байкоосу жана системалуу дарылоосу зарыл. Кылымдар бою дарыгерлер псориазды дарылоонун ар кандай ыкмаларын ойлоп чыгышкан. Азыркы учурда жергиликтүү жана системалуу ыкмалар колдонулат. Бул эпидермис клеткаларынын өсүшүнүн ылдамдыгын төмөндөтүүчү дары-дармектер, кычытманын жана бляшкалардын жок болуусуна түрткү берүүчү каражаттар.

Псориазды канды тазартуучу ыкма менен да дарыласа болот. Башыңыздын териси үчүн өзгөчө кам көрүңүз. Баш териңиз кургап, көп кычышып псориаздын белгилери пайда боло баштаса, чачыңызды эмес баш териңизди дарылаңыз. Тырмагыңызды кыска алып жүрүңүз, себеби узун тырмак менен тытып алган жерде жарат пайда болушу мүмкүн. Дары-дармектерди көп колдонуу зыяндуу экендигин эсиңизге алыңыз. Медициналык айрым дары-дармектер псориаздын келип чыгышын шарттайт. Тамактанууда тең салмактуулукту сактай билиңиз. Ачуу калемпир, мурч кошулуп куурулган тамактарды, спирт ичимдигин этият пайдаланыңыз жана күндүн зыяндуу нурларынан сактанаңыз.

 Түрлөрү:

Кадимки псориаз — эң көп тараган өнөкөт жана айыктырууга мүмкүн болбогон түрү. Буга ар кандай жаштагы адамдар кабылышы ыктымал.

– Денеде кызыл түстөгү исиркектенген жара пайда болуп, жаранын тегереги кычыша башташы;

– Жамбаш, ийин, тизе, кулактын артындагы тери бөлүктөрүн жаранын жаап калышы;

– Айрым учурда, эски тактардын ордунда пайда болушу;

– Маал-маалы менен жабыркаган дененин бир бөлүгүнүн кычышуусу;

– Тырмактын өңүнүн өзгөрүшү, майда ак тактардын пайда болушу менен мүнөздөлөт.

Элдик ыкма менен дарылоо

Пияз. Жылуу суу толтурулган ваннага бир таңгак тузду салып эритип, сууда 15 мүнөттөй жатып, башты да бир аз чумкутуу керек. Аарчынбай туруп чачты кургатып алуу шарт. Андан соң эт өткөргүчтөн же блендерден өткөрүлгөн пиязды денеге жана башка шыбап 20 мүнөт кармап, убакыт болгондо даки менен пиязды сүртүп салып, жуунбастан уктоо керек. Кийинки күнү гана ак самын же марганцовка менен жуунуу сунушталат. Соода менен да дарылоо ыкмасы бар.

Жаңгак. Жарым килограмм жаңгакты чагып, данегин бал аралаштырып жеп туруу керек. Ал эми кабыгына кайнак суу куюп тыныктыруу шарт. Суу муздай электе кабыгын сүзүп алып, тундурманы ваннага куюп, үстүнө денени жапкандай суу толтуруп жарым саат жатуу абзел. Дары суудан чыккан соң аарчынбастан эки-үч саат жатып эс алуу пайдалуу.

Автор: Самара Саламатова 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here