Казакстандын калаасы Астанада бир жигит бир үйлөнгөндө үч кызга той берип, үч аял алганы элди айраң-таң калтырып жаткандыгын NUR.KZ сайты жазып чыккан.
Бул тойдун күбөөсү болгон жигит интернетке төмөндөгүчө билдирүү жазган: » Тойдон жумушка кетип бара жаттым эле. Бир жигиттин үч кызга үйлөнүп жаткан тоюн көрүп, эсим ооду. Эми, эки эмес, төрт жаш бактылуу болсун! Башка не дейлик деп» — видеосун кошо жүктөгөн. Видеону көрүп, таң калган казактар ар кандай комментарий берип, араларында тойдун тамадасын чакыргандар да болду. Ал учурда: » 22 жашымда үч аял алган жигиттин тоюн өткөздүм» деген билдирүү менен Дидар Аймихан аттуу тамада тойдун сүрөттөрүн жүктөгөн.