Жаз – жарыш демекчи, жаз мезгилинде дыйкандарга жер-жемиштерди өстүрүүдө атайын адистердин кеп-кеӊештерин берүүнү туура көрдүк. Урукту, жер тилкесин туура тандап, туура убакытта жакшы температурада отургузуу жана туура сугаруу менен мол түшүм алууга болот. Бирок, кээ бир нюанстарды эске алуу да кажет.

Мөмө дарактары

Дарактарды отургузууда мөмөсү көп колдонулуучу алма, өрүк, кара өрүк, алмурут, жаңгак, шабдалы, алча, жүзүм сыяктуу мөмө-жемиш дарактарын тандоо керек. Мында алма менен алмурутту тандоодо жайкы, күзгү жана кышкы сортуна көңүл буруңуз. Бул жыл бою витамин менен камсыз болуп туруу үчүн жана базардан мөмө-жемиш алып акча коротпоо үчүн пландоо керек. Мисалы, жайкы алма май-июнь айларында бышып калат да, күзгө чейин жесе болот. Ал эми күзгү алмалар жаңы жылга чейин жегенге жетсе, кеч күздө терилген кышкы алмалар кийинки жайга чейин сакталат.

Эрте бышкан сортторду үйгө жакын, андан кийин быша тургандарды короонун төр жагына отургузуу туура. Алча менен шабдалыны коңшунун жер тилкеси менен чектешкен бөлүккө тигип койсо болот. Ал эми жүзүмдү эшиктин алдына тирөөчтөрдү чатырча түрүндө жасап, ошол жерге өстүрсө ыңгайлуу.

Жаңгакты короонун түндүк тарабынын бир бурчуна отургузуу сунушталат. Себеби ал бийик өскөндүктөн, жанындагы дарактарга көлөкөсү түшүп, мол түшүм беришине тоскоолдук жаратат.

Сабиз

Сабиз – суукка туруктуу өсүмдүк. Анын уруктары 2-3 градус температурада эле өсөт. -5 ке чейинки температураны көтөрөт. Ошондуктан сабизди кышында да себүүгө болот. Температура  +8 болгондо сабиз 20-25 күндө чыгып калат. Башка жашылчаларга караганда жарыкты көп жактыра бербейт. Бирок, сабиз жаӊы өсүп келе жатканда жарыктын нормада болушу шарт. Ал сабиздин жакшы өсүп кетишине шарт түзөт. Анан сууну абдан жакшы көрөт. Эгер мөмөсүнө суу анчейин жетпесе сабиз жакшы түшүм бербей, көлөмү да чоӊойбой калат.

Сабиз айдоодо топуракка кылдат көӊүл буруу кажет. Анын мөмөсү жерде чыгып жаткандан кийин топуракта кандай микроэлементтер, кандай металдар бар дыкат иликтеп чыгып айдоо кажет. Себеби, сабиздин мөмөсү оор металдарды соруп алат. Буурчак, бадыраӊ, кабачок, капуста, пияз, томат, жүгөрүдөн кийин сабизди айдаса мол түшүм алууга болот. Укроп, петрушка, пастернак, кызылча, картошка айдалган жерге сабизди айдоо сунушталбайт.

Дарбыздан мол түшүм алам десеӊиз…

Аламүдүн районунда бардык жер-жемиштер, мөмөлөр бышат. Өзгөчө дарбыз жана коон даамына чыгат. Дыйкандар дарбыз, коон өстүрүп көп киреше таап алышса да болот. Ал үчүн дарбызды туура айдоо керек. Дарбыз жылуулукту абдан сүйөт. Анын уругунун өнүп чыгуусу үчүн 15 градус С болушу керек. Уруктардын толук чыгышы үчүн 10-15 күн керек. Температура канчалык жогорулаган сайын, дарбыздын өсүүсү ошончолук жогорулайт. Дарбыз сууну көп талап кылган менен кургакчылыкка да туруктуу келет.

Дарбыз шамалдан корголгон жеӊил кумдуу жерлерде кара топурактуу жерлерге караганда эрте бышат. Анан дагы дарбыз тузу көп эритилбеген жерлерди жакшы көрбөйт, андай жер тилкесине айдаган дыйкандын эмгеги кайтпай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, кандай гана жер-жемиш болбосун, анын жакшы өсүүсү үчүн жер тилкесин туура тандоо менен мол түшүм алууга болот. Дарбызды  жүзүмдөн жана ашкабактан кийин отургузуу сунушталбайт. Күрүч, дан өсүмдүктөрүнөн, бир жылдык буурчактан кийин отургузса түшүмдү мол алууга болот.

Дарбыз минералдык жер семирткичтерге жакшы мамиле кылат. Андан сырткары сапаттуу уруктардан сапаттуу дарбыздар чыгат. Ошондуктан, урук тандоо да өзгөчө мааниге ээ. Оорулар менен иштөө үчүн атайын дарыларды 1 кг урукка фундазол 50 СП дарысын кошот. Ошондо дарбыз уругундагы ооруган уруктар жок болот.

Кандай гана өсүмдүк болбосун сугаруудан толук көз каранды. Азыркы учурда тамчылатып сугаруу жакшы натыйжа берип жатат. Ошондуктан, башка отоо чөптөр чыгып, топурактын минералдарын жер-жемиш менен кошо талашып жебеши үчүн ар бир дарбыздын түбүнө тамчылатып сугаруу менен дыйкан болуп көрбөгөндөй мол түшүм алып, өз жумушун жеӊилдете да алат.

Автор: Самара САЛАМАТОВА

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here