Өнөр дүйнөнүн уулу  Токтобек Асаналиев,   асман тиреген Ат-Башынын кулуну.  Кошой баштаган алптар мекендеген Ат-Башынын атактуу өнөрпозу менен  Улуттук Консерваториядан жолуктук. Ал элдик ырды ырдоо бөлүмүндө  он жылдан бери иштеп, билгенин студенттерине үйрөтөт.  Ырчы менен болгон биздин маек турмуштук жол,  өнөр дүйнө, жай турмуш тууралуу уланды.

Куш келипсиздер! Алгач мамлекеттик гезитте иш алып барган бардык кызматкерлерди жаздын келиши менен куттуктайм! Кечээ, мамлекеттен бир катар маданият кызматкерлери сыйлыктарды алышты. Аларды да куттуктайм! Бизге сыйлыкты эл берет.  Болгон дарамет менен иштеп жатабыз.  Бирок, мамлекет башчыдан сыйлык алгың келет экен.

Мамлекеттен берилген эч бир  сыйлыңыз жокпу?

Айрым ырчылар эмгек сиңирген менен эл артистин эбак алышкан. Кайсы критерийлер менен алганы түшүнүксүз. Бир күнү биз да алып каларбыз. Колубуздан келишинче музыкага кызыккан балдарга багыт берип, ыр жаздырып, кечкисин элдин жакшылыктарына ырдап, кызмат кылып жүрөбүз.

— Сиз “Боогачыңды” созгондо кары- жашы дебей кулак салары чын. Бул чыгарманы кандайча аткарып калгансыз?

Ар бир чыгармачыл адамдын багын ачып, элге тааныткан бир гана ыры болот. “Боогачың сенин болоюндун” сөзүн белилүү акын Акбар Рыскулов, обонун раматылык досум  Калмурат Рыскулов жазган. Калмурат досум, ушул чыгарманы аткарып көрчү деп үйгө алып келди.  Ырдын текстинде “Арманым аттын башындай” деген сабы жакты, жаттап калдым. Чыгарманын үстүнөн иштеп баштадым.   Ырдын жаралганына 15 жылдан ашып калды. Боогачы Ат-Башыдан чыккан баатыр болгон. Учурунда бул киши уруунун, элдин ынтымагын бекемдеген, сөзү өтүмдүү киши болгондугу айтылат. Аны менен катар Ат-Башыда Боогачы деген ысымды жаңы төрөлгөн уул балага  ыйгарат. Боосу бек болсун деп  Боогачы коюлат.

— Адамдын турмушка калыптануусуна анын туулуп өскөн жери, ичкен суусунун да таасири  тиет дешет. 

— Туура көз караштамын. Ат-Башыда не деген ак кар баскан   мөңгүлөр бар. Ат-башынын таңы, күндүн чыгышы да мага өзгөчө. Кайсы бир деңгээлде, чыгармачыл дүйнөмдүн калыптанышына Ат-Башынын таасири бар деп билем.

— Ата салты, эне наркы,  ата-эненин, бир туугандардын алдында жоопкерчилик деген бар. Ушул өңүттө сиз жакшылык-жамандыкта башында туруп, милдеттериңизди аткарып жүрөсүз да?

— Эми ата-эне менен бир тууган үчүн колуңан келип турса, жардамдашкандан өткөн эмне бар.  Учурда атам менен апам биздин кашыбызда. Карылыктын бак-дөөлөттүү доорун кечирип жатышат.  Бул ирмемдерди, Кудайым узагынан берсе дейм. Биз он бир тууганбыз. Энебиз  аябай жашык адам.  Балдары апабызды тартып,  жашыкпыз. Бир нерсеге бат капа болуп, бат көңүл калган адамдарданбыз. Ал эми, ата- энемдин эңсегени, тирөөчү биз болдук.  Бир тууганымдарым турмуштан баар табышып, бала-чакалуу. Мен жашабасам жок деп, атам менен апам жашасын деп, жаңы типтеги үй салып бергенбиз. Башында туруп, каржылоо иштерин колго алдым. Ат-Башыдагы алдыңкы үйдө ата энем өмүр кечирүүдө. Быйылкы жайда короо-жайда анча-мынча иштеримди бүтүрөм. Элден айырмаланып, бир туугандарым, досторум жесин деп  алма, өрүк отургуздум.  Жаз менен кошо тиккен багым гүл ачатго деп турам.  Быйыл карагат да отургузуп көрсөм деп турам.

— Жаш өйдөлөгөн сайын эмнелер жөнүндө көбүрөөк ойлонуп калдыңыз?

— Албетте, жакындарыңдын амандыгын тилейсиң. Бул кезге чейин эмне жумуш кылдым деген ойлор тынчсыздандырат.  Андан тышкары балдарың бой жеткен мезгилде алардын келечеги, турмуш жолу жөнүндө ойлонот экенсиң. Балдарың бирөөдөн бир нерсе сурабай, өз нандарын таап жесе деп, турмушта жакшы адам болуп чоңоюшса деп суранат экенсиң.

— Чыгармачылыктан башка да эмне менен алектенесиз?

— Мен чыгармачылык дүйнө менен алектенем. Күндүз студенттериме сабак берем. Балдарымды окууга жеткирем, концертке катышам. Кечке жуук  жакшылыкка ырдап берүү үчүн тойго шашам. Жеңеңер Саадат балдарды багам деп бир катар жумуштар менен алек. Учурда 5 баланы тарбиялап жатабыз.  Чет өлкөгө соода иштери менен каттап турат. Андан тышкары тигүү цехибизди иштетет. Үйүбүздүн негизги киреше булагы ишкерчиликтен келет. Жер бетине бир улак туулса, ал жегенине жерде бир эрмен өсөт экен. Кудай баарыбызды ырыскыбыз менен жаратат турбайбы.

— Сахнада бир топ жылдан бери жүрөсүз. Көздөгөн чыгармачылык жаатындагы ой- максаттарыңызга жеттиңизби?

— Убагында ким болорумду жана эмне кыларымды болжой албаган мезгил да болгон. Адам болгондон кийин алдыга максат коюп жашайбыз. Байкашымча, максат жылдан жылга татаалдашып, түйшүктүү болуп бара жатат. Бир нерсени жасап, экинчисин андан да мыкты кылууга аракет кылат экенбиз. Андыктан, багынта турган ийгиликтер дагы алдыда окшойт.

— Чыгармачылыктын татаалдыгы эмнеде?

— Чыгармачылык деген чеги жок, учу-кыйыры көрүнбөгөн нерсе. Анын өтөөсүнө эч ким жеткен эмес. Илгерки залкар манасчылар да «улуу баянга өмүрүм жетпейт» деп кейишчү экен. Экинчиден чыгармачылыктын түйшүгү, менин баамымда — анын жан дүйнө менен тыгыз байланышында.

— Досторуңуз көппү?

— Кудайга шүгүр, досторум бар. Барган сайын жоро-жолдош деген көбөйөт экен. Чарчаганда алар менен эс аласың, сүйлөшөсүң.

— Спорт менен доссузбу?

— Бирөө айтат дейт “спорт менен машыкпасам да, спорттун бардык түрлөрүн көргөндү жактырам” деп , анын сыңары  спорттун түрлөрүн көргөндү жактырам.  Ал эми жаш кезде кыргыз күрөш менен машыккам.

Концерт берүү жакынкы планыңызда барбы?

— Жаз келип, чыгармачылыкта жаңылануу башталды. Жаңы чыгармалардын үстүндө иш алып барсам деген пландар бар. Ал эми концерт берүү жөнүндө, азырынча ойлорум жок.

Маекташкен: Мээрим БАКТЫБЕК кызы

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here