“Кантыӊ бар, “Ой тобоо”, “Тоолук кыз”, “Энекебай”, “Байбичем” деген ырлардын аткаруучусу Алтынбек Сапаралиев ага менен маектешип кайттык. Ал быйыл 70 жашка чыгат. Алтынбек Сапаралиевдин ырлары менен биздин ата-энебиз, биз да чоӊойдук, эми биздин балдар чоӊоюп келе жатат. Айтайын дегеним, кыргыз эстрадасын түптөгөн мырзалардын бири, алтын үндүү Алтынбек Сапаралиевди кыргыз эли Кыргыз Республикасынын Эл артисти деп санашат. Бирок, аганын КРнын Эмгек сиӊирген артисти деген гана наамы бар. Алтынбек ага ал наамды 1976-жылы алыптыр, андан бери нечен суулар агып, нечендеген министрлер алмашты. Бирок, кайсы гана министр келбесин ага КРнын Эл артисти наамын бере албай жүргөнү өтө өкүнүчтүү.   “Күлүк – күнүндө, тулпар – тушунда”- дегендей, убагында Алтынбек Сапаралиевдин ырларысыз кыргыздын концерттери өтчү эмес. Эми минтип улгайып калганда көӊүл сыртында калып, анын шакирттери Эл артисти болушууда. 

 “Артист болгучакты зоотехник, механик, лаборант жана шоопур болуп иштедим”

-Айыл чарба техникумун бүтүп, айылда иштей баштагам. Окууну бүтүп барганда эле МТФнын зоотехник кылып коюшкан. Адамдын жан дүйнөсүндө чыгармачылык каалоосу болсо ал эч убакта тынч жаткырбайт экен. Мен артист болгучакты эмне гана болуп иштеген жокмун. Зоотехник, туут маалында 4 короо койго санакчы, механик, лаборант, шоопур да болдум. Ошол шоопур болуп иштеп жүргөнүмдө биздин айылга артисттер барып калып Филармониянын астында 2 жылдын эстрадалык студия ачылды дешти, ал жаңылыкты угаарым менен талпына баштадым. Ошондо Табытаев деген артист  бар эле менин үнүмдү угуп көрүп, сен айылда эмне жүрөсүң, мен сага чакыруу жөнөтөм деди. Чакыруу жөнөткөндө ата-энеме айтсам тукумда жок нерсени эмне кыласың, шоопур болуп жүрө бер деп болбой коюшту. Ошондо айлыктан анча-мынча чогултуп жүргөн акчамды алып, ишимди тапшырып шаарга баса бердим. Кагазга атамдарга “Кечирип койгула, мен Фрунзеге кеттим” деп кат жазып кетип калдым. Келсем 3-тур болуп жатыптыр. Мен 2 ырды орусча 1 ырды кыргызча ырдап бердим. Экзаменден кийин тизменин аягында менин фамилиям туруптур, сүйүнүп окуй баштадым. 1967-жылы кыргыз эстрадасын түптөй баштадык. Ага чейин кыргыз эстрадасы деген жок болчу. Фольклордук бригада бар болчу, бригададагылар комуз, кыл кыяк жана аккордеон менен ырдашчу. Раматылык Чоро Кожомжаров баш болуп эстраданы чогулта баштаган экен, Айша Базарбаева, Кеңеш Кожомкуловдор бар болчу. Мен сабакты унутуп, алар менен жүрө берчүмүн. Даярданып жатышканда зымын чогултам, микрофонун түздөп берип алар менен аралашып жүрө бердим. Панфилов паркынын ичинде 1300 орундук жайкы сахна бар болчу. Ошол жакта даярданышат. Азыркы Туңгуч театры ал учурда Филармония болчу, ал жакта жүрөм. 1969-жылы алардын даярдыгына мен да катыша баштадым. Бирөө ырдай албай калса мен да ырдап көрөйүнчү деп суранып ырдачумун. Шаарда 2-3 концертине катышып жүрдүм. 1969-жылдын аягы 1970-жылдын башында Аскар Тезекбаевдер эртең кийимдериңди чогулт, Нарынга гастролдоп келебиз деп айтып калды. Апрель айы болчу, алар менен автобуска түшүп алып Нарынды көздөй кеттим. Мурун го “Кантың бар” деген ырды кичине ырдап билип калгам. “Күтө, күтө зарыктым” деген ыр азыркы тил менен айтканда хит эле, ошонун сөзүн Нарынга чейин жатта деди. Көзүмдү жумуп, ачып жаттагандай болдум. Профессионалдык тушоом Нарындын драм театрында кесилди.       “Кыргыз эстрадасынын жаш солисти Алтынбек Сапаралиев!” – дегенде сахнага кантип атып чыкканымды билбейм, чыгып баягы жаттаган сөзүмдү унутуп калдым. Карасам колумда кагаз бар экен, ошол кагазды карап ырдадым. Эл кол чаптыбы, чапкан жокпу билбейм. Нарындан келгенден кийин окууну бүтүрдү деген  күбөлүк жазып беришти. Андан көп жыл өткөндөн кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып сырттан окудум.

“1976-жылы Эмгек сиӊирген артист наамын алган боюнча наам ала элекмин”

 —Филармонияда иштеп жүргөндө бизди ар кайсы жакка жиберчү. МТФда концерт бергиле десе ошол жака барчубуз. Кой кыркынга барып чабандарга концерт берчүбүз, дыйкандарга, жайкысын жайлоодо малчылардын майрамы болчу, ал жакка жиберчү. Ал убакта чындыгында башыбыз менен жер казчубуз. Кышкы чилдеде Чүйдүн малы казактардын талаасында кыштачу, бизди ошол жакка концерт бергиле деп жиберчү. Кар белден, кычыраган кыш, ошого да барчубуз.

Азыркы артисттердей гонорар алчу эмеспиз. Биринчи киргенде айлыгым 79 сом болгон. Маданият министрлигинде тарификациялык комиссия деген болчу. 2-3 жылда айлык көтөрүлчү. Эки жыл иштегенден кийин айлыгым 95 сом болду. 3 жыл өткөндөн кийин жүз сомдон өйдө алып калдым. Менин эӊ көп айлыгым 225 сом болгон. 1964-жылы раматылык Чоро Кожомжаров эстрада жагынан алгачкы жолу Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген артист наамын алды. 1975-жылы Тажикстанда искусство жана маданият күндөрү болуп калды. Ал жакка бизди жетектеп Кеӊеш Кулматов деген киши барган. Салтанаттуу ачылышта тажиктердин Эмгек сиӊирген артисттери, Эл артисттери чыгып жатат, а бизде болсо Болот Миӊжылкиев менен Токтоналы Сейталиевдин гана наамы бар экен. Калгандарыбыз оркестрдин солисти деп чыга бердик. Кеӊеш Нурматовичтин намысына тийсе керек. 1975-жылы мага грамота жазыптыр, кийин 1976-жылы Филармонияда 3 киши катары менен мен, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушова Эмгек сиӊирген артист наамын алдык. 1976-жылдан бери наам албай келе жатабыз.

“Байбичемди бир көргөндө сүйүп калгам”

 —1971-жылы 24 жашымда үйлөндүм. Татынакай кыз жолугуп калды. Байбичемди бир көргөндө эле сүйүп калдым. Ал Женпедди бүткөн, биохимик. Экөөбүз үйлөнүп, айылга алып бардым, той өткөрдүк. Атам айылда эле калгыла деди, биз болбой шаарга келдик. Бул жакта жатакана жок, кыргыздар дагы аз. Үйлөнгөн кыргыздардын көбү орустардын батирлеринде жашачубуз. Барганда эле “Дети есть?” –деп сурашчу, “нет” десеӊ киргизчү, “есть” десеӊ эшигин жаап алчу. Биздин кыргыздар да кичипейил, мейманчылбыз да. “Баланчанын шаарда үйү бар, бара бер” — дейт, ал өзү келбей дагы бирөөнү ээрчите келет. Өзүӊ времянкада жашайсыӊ, орустар жаман көрөт. Ошондой кыйналып жүргөн учурда кабат үйлөрдүн жанынан өтүп калганда, “Качан ушундай үйдөн батирлүү болобуз?” – деп көп кыялданчумун. Иши кылып баштан бир топ нерселер өттү. 1976-жылы батирге жеттим. Мага үй алып берүүгө жардам берген Кеӊеш Кулматов болду. Сирияга концерт берип келгенден кийин Кеӊеш Нурматовичке кирип, жата турган үйүм жок, жатаканада турам, бир кыздуу болгонбуз дедим. Мени угуп, ал маселемди чечип жаӊы бүткөн үйдүн бешинчи кабатынан 2 бөлмөлүү батир берди. Ошондо сүйүнгөнүмдү сураба. Байбичем экөөбүз 2 кыз бир уулдуу болдук. 8 неберем бар, Кудай буюрса, быйыл эки чөбөрөнү көрөбүз деп турабыз.

 “Мен ырдаган ырларды Чоро Кожомжаров тандачу”

 —Менин ар бир ырым өзүнчө бир тарых. Репертуарды тандоодо мага багыт берген адам Чоро Кожомжаров болчу. Ал киши репертуарды алмаштыралы, ыр издегиле дечү. Чорого 10 ыр алып келсем эринбей фортепианого отуруп алып ойночу, ошонун арасынан көп дегенде 3-4 ырды тандап алчу. “Алтынбек эгер элдин астына өткүӊ келсе сен сөзүнө дыкаат көӊүл бур, мен обонуна көӊүл бурайын”, — дечү. 60 жылдыкка даярданып жатканда кызыктай абалда болдум. Себеби, биздин убакта обонун композиторлор көтөрүп келсе, сөзүн акындар алып келип менин ырымды ырдап чык дечү. Азыр акындарга, обончуларга барсаӊ 400 доллардын башын сурайт экен.

“Мен наам алгычакты атам менин концертиме басып барган жок”

-Мен наам алгычакты атам менин концертиме бир басып барган жок. Мага Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти деген наам алгандан кийин айылга концерт коюп барып калганда эӊ алдыӊкы катарга келип отуруп калды. Ар нерсе өз убагында баалуу экен.

“Нарындыктар мага кол чаппай коюп…”

Нарында экинчи жолу барганда Эмгекчил колхозу бар эле, репертуар байый элек, жөн эле гитара менен 2 ыр ырдасам, келген эл бир аз кол чапты. Эстрада менен 2 ыр ырдасам эч ким кол чаппай койду. Сыртка чыкканда Чорого эч ким мага кол чаппайт экен, иштебейм, кетем дедим.

Ошондо Чоро, сен жолдун баары түптүз болот деп ойлодуӊ беле, кээде ушундай таштак жолдор болот, арыктар болот, кээде бутуӊ кайрылат, кээде жыгылып каласыӊ деди. Ошентип, намыстанган жаным чыгармачылыкты өркүндөтө баштадым. 1974-жылы Кыргыз ССРинин Компартиясынын 50 жылдыгы болду.

Азыркы спорт ордосу ошол жылдары жаӊы бүткөн. Кеӊеш Нурматович Жумакматов каалабаса да “Кантыӊ барды” киргизесиӊ деп айтыптыр.  Ал убакта эстраданы андай салтанаттык концертке такыр жолотчу эмес да. “Кантыӊ барды” Карамолдо Орозов атындагы оркестрге аранжировка кылдырып күндө даярданып, күндө ырдайм. Ал кезде Күлипа Кондучалова маданият министри болчу. Күндө ар жактан кыйкым табат, костюмуӊду оӊдочу дейт алмаштырып келем. Эртеӊ концерт дегенде көк костюм кийип келдим, башымда калпак. Күлипа эже карап туруп, болуптур эртеӊ концертке катышасыӊ деди. Мен ырдап чыктым, толкунданганды айтпа. Артыбызда Опера балет театрынын, радионун жана искусство институтунун хору турат. “Келсеӊчи, да күлсөӊчү” дегенде хор ритмге кол чаба баштады. Карасам ЦКдан келген Косыгин  деген  киши кол чаап жатыптыр.  Экинчи кайрыгында биздин политбюро да туруп кол чаап жатышкан экен. Ошондон кийин “Кантыӊ бар” чекеме печать болуп жабышып калды. Ошондо да көрө албагандар болду.

“Садык Шер министр кезинде барсам…”

 —Акаевдин убагынан тартып ушул күнгө чейин ар бир маданият министрине документ барып жатат. Атамбаев келгенде 5 жыл мораторий жарыялабадыбы. Алтынбек Максүтов да документти толтуруп Ак үйгө жибердим деген. Аны жумуштан алганда Түгөлбай Казаков келди. Түгөлбайга барсам, документ барыптыр деди. Садык Шер министр кезинде барсам, “Сиз көптөн бери ырдабай калдыӊыз. Силер жөнүндө прессага жазып жатабы?” – деди. Анда бир топ гезиттер жазышчу. Ошолордун көчүрмөлөрүн мага алып келип берчи деди. Мен аларды ксерокопиядан өткөрүп Садык Шерге алып келип бердим. Ошол бойдон калды. Азыр барына да, жогуна да макулмун.

“Чоро Кожомжаров болуп кыргыз эстрадасын түптөгөнүбүзгө кубанам”

 Азыркы эстрада менен мурунку эстраданын айырмасы асман менен жердей. Азыр сөзүн, обонун жазгангандан да тышкары аткаруучу да автор болуп жатпайбы. Жакшы ырчылар, аткаруучулар да бар. Ал убакта бизде ар бир мекемеде көркөм кеӊеш бар болчу. Биздин репертуарды биринчи Филармониянын көркөм кеӊеши укчу. Андан кийин маданият министрлигинен композиторлор, комиссия келчү. Концерт берээрде комиссияны отургузуп алып ырдачубуз. Аларга жакса концерт менен гастролго чыкчубуз. Үн жаздыруу бир гана радиодо болчу. Канча ырлар жазылбай калды. Менин бир кубанганым, Чоро Кожомжаровдор болуп кыргыз эстрадасына чыйыр жол салып бергенибиз болду. Кыргыз эстрадасын биз түптөдүк. Бизге чейин эки орус топ гастролдо жүрүптүр. Азыр болсо “Баары болот теке” деген ыр чыгыптыр. Бир обончу “мен адегенде ырымдын бир куплетин жазам анан обон чыгарам, жаздыруу болоордо эки куплетин жаза коём”, — деп жатпайбы.

“Чоро” тобу менин ырларымды ырдап жүрүшөт, азаматтар. Убакыттын өтүшү менен элдин аӊ-сезими да өзгөрөт, азыркы жаштарга ылайыктап ырлардын анча-мынча жерин гана өзгөртүшкөн.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here