Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасы оюн ойной турган ноутбуктарды сатып алууга кайрадан тендер жарыялады.

Оюн ойноочу ноутбуктарды 227 миң сомго сатып алуу үчүн 9-мартта биринчи тендер жарыяланган. Бирок бул боюнча бир да ишкана тендерге катышуу үчүн арыз жазган эмес. Ноутбуктардан тышкары министрлердин бөлмөлөрүнө жаңы отургучтар, компьютерлер, телефон, факс аппараттары, стол чырактары жана медициналык дары баштыктары талап кылынган.

Жалпы сатып алууларга 1 миллион 62 миң сом каражат сарпталуусу пландалууда. Башкасы бүтүп ушул ойной турган ноутбуктар калды эле. Тендер деген эмене, депутат Момбеков айткандай теңин бер деген эле кеп. Ар кайсы болбогон нерселерди сатып алууга миллиондорду сарптоо биздин чиновниктердин эң сүйкүмдүү иши эмеспи, бай болгурлар десе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here