Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы шаарда үйлөрдү тоноп жүргөн кыздар кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты.
Анда айтылгандай, 3-апрелде Бишкектин тургуну үйүнөн 3 плазмалык телевизорун жана 140 миң сом акчасын уурдатканын кабарлап милицияга арыз жазган. Бул боюнча, Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган 1984 — жылкы С.Э. жана 1990-жылкы Т.П. аттуу кыздар уурулукка шектелип кармалышкан. Мындан башка да жарандардан арыздар түшкөн. Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.