-Эмил мырза, акыркы учурларда жол кырсыгы кескин түрдө көбөйүп кетпедиби. Сиз бул маселени көп көтөрүп, тынчсызданып келаткан депутаттардын бирисиз? Бул көйгөйдү кандай жолдор менен чечсе болот деп эсептейсиз?

ыргызстандагы авто кырсыктардын саны барган сайын көбөйүп, өлүм-житим да ошончо көбөйүп баратат. Бул боюнча биз дүйнө жүзү боюнча алдыңкы орунга чыктык. Жол кырсыгынан мекендештерибиз, согуш болуп жаткан мезгилдей каза таап жатышат. Бул оюнчук эмес. Бул маселеге  бирибиз да кайдыгер карабашыбыз зарыл. Жалгыз өкмөт бул көйгөйдү толук кандуу чече албайт. Өкмөттүн бир гана жасай турган  – бул айдоочу көбөлүктөрдү жеке колдор аркылуу бергенди токтотушу керек. Ар ким ар кандай жолдор менен алып жатышат.

Көбү акчанын күчү менен алышат.  Өкмөт айдоочулукка үйрөтүп жаткан мектептерди толук көзөмөлгө алышы керек. Азыр ал мектептерди Мамлекеттик каттоо кызматы көзөмөлдөп, айдоочулук күбөлүктү да аталган кызмат берет. КМШ боюнча бизде гана ушундай.  Мына ушул нерсе такыр туура эмес болуп турат. Айдоочулук күбөлүктү берүү функциясын өкмөт токтом менен мурункудай эле ИИМге берип, ИИМ толугу менен көзөмөлдөшү зарыл деп эсептейм.  Бул системаны толугу менен реформалоо абзел. Айдоочулук күбөлүк берүүдө экзамен алган адамдар алды 20, арты 10 жылдан бери олтурушат. Алар таза иштешпейт, коррупциялашып кеткен. Андыктан, анын баарын кызматтан айдап, таза адамдарды алып келүү керек. Бирок таза адамдарды жөн гана алып келип койбой, аларга кызматтык жакшы шартты түзүп, айлыгын да жогору койбосок болбойт. Россияда биздегидей көрүнүш жок. Эки ай окутат, анан өз эмгеги менен  алышат. Аз айлык менен ким таза иштейт деп кепилдик  берет? МАИде кантип, жол кырсыгы жок болсун, бар.  Пара менен кармалгандарды, мыйзам бузгандарды бизде  жөн гана кызматтан айдап жиберет. Антпеш керек. Шарт түзүп туруп, катуу талапты коюп, андайларды камаш керек.  Жол кырсыктарын жоюуда бул нерселер да аздык кылышы мүмкүн. Бирок сапат маселеси жакшырат деген ишеничтемин. Эң чоң маселе  — бул баарыбыздын аң сезимибиз өзгөрүшү керек. Бул нерсеге олутту карап, туура мамиле кылышыбыз абзел. Айдоочуларыбыздын машине айдоо маданияты өсүшү керек. Бир, эки мисал айтайын, өткөн жумада Бишкек-Торугарт жолунда саатына 110 чакырымдан ашып баратып, дөңгөлөгү жарылып, алдындагы  машине менен кагышып, каза табышты. МАИден мен да сурадым, айдоочу соо  элек экен. Буга ким күнөөлүү? Өзү да. МАИ эмес, жол эмес. Жолду карап, акырын айдаш керек. Аз күн мурун май ташыган машине бир машинени басып калып, байкуш үчөө тирүүлөй күйүп кетишти. Айдоочу  таң атпай чыгып, чарчаган, уктап кеткен, же дагы бир себеп… Ушундай мисалдар бизде көп болуп жатпайбы.

Бул маселе көптөн бери эле айтылып жатпайбы. Жыйынтык чыкпай жатат го…

уура жыйынтык чыкпай жатат. Өткөн жылы биз ушул маселе боюнча өкмөт менен бирдикте чоң жыйын өткөзүп, жакшы эле талкуулап, ошондо айдоочулук күбөлүктү берүүнү ИИМге өткөзүү керек деген талаптарды койгонбуз. Бирок негедир эмгиче жыйынтык жок. Эмнеге көңүл бурулбай жатат, түшүнүксүз? Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы барбы деген да ой жаралбай койбойт экен.

Машинеге берилип келген ишеним каты жана техосмотр маселеси да жоюлуп кетпедиби. Муну кайра калыбына келтирүү керек дегендер да аз эмес. Бул боюнча сиздин көз караш кандай?

-Мен кайра калыбына келтирүү керек дегендерге кошулбайм. Ишеним каты да, техосмотр да  туура эле жоюлган. Айрыкча, техосмотр маселеси укмуш коррупция болуп кеткен да. Сен дагы, мен дагы машине айдайбыз. Техосмотрдан кандай өтчү элек. Акча берсең, сонун экен деп коёт. Бербесең, ар кандай шылтоолорду, кемчиликтерди издеп башташат. Ушул нерсе керекпи? Анын үстүнө техникага кепилдик жок да. Бүгүн сонун турган тормуз, эртең жүрүп баратып деле, бузулуп калат. Бул жагын айдоочу өздүк коопсуздук, элдин коопсуздугу үчүн өздөрү текшерип турушу зарыл.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here