«Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынынын уюштуруучусу болгон Таттыбүбү Самидин кызын  4 кыз сотко, тагыраагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышканы маалым болду. Алар сынакка катышып, жеңишке жептей калгандар, сынак калыс болбой калды дегендер экен.

Биз деле жеңүүчү Бегимай Карыбековадой болуп жарым жылаңачтан ашып, чечине алабыз, жамбашыбыз, төшүбүз мыкты. Ал билбеген Сүймөнкулду биз билебиз дейт. Бул эми образдуу айтканда да. Алардын биринчиси 3-4 кун мурун эле милицияга кайрылган, Самидин кызы экөө таластыктарча ашата сөгүшкөн Алтынай Абдымомунова болсо, экинчиси Даяна Аширматова, үчүнчүсү Арууке Тургуналиева жана  төртүнчүсү Эльнура Кубанычбекова экен. Буга чейин мындай шумдук жок эле.

Сулуу болобуз, биз да элге жылаңач денебизди көрсөтөбүз деген жеңил ойлуу кыздар көбөйдү. Минтип сулуу болбой сумуран гана калсаңарчы. Андай кыздарды ыйманга чакырган сайын чакчарылып, күчөп жатышат. Коомчулук деле катуу сынга алууда. Элита делген чөйрө болсо эмне болсо ошо болсун деп дулдуюп үн катпай турат. Кыязы, аларга жылаңач кыздар жагып жатат окшойт. Деги эле, сулуулар сынагы бизге керек беле Сулуулар сынагы болбой эле жылаңачтар сынагы болду го. Мындай нерсени тезинен токтотпосок болбойт.


Т. Самидин кызы

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here