Кыргыз улуттук драма театрынын мурдагы жетекчиси Марат Алышбаев президентке аталган театрдын жаңыдан иштен алынган жетекчиси Темирлан Сманбековду жоопко тартууну өтүнгөн кайрылуу жолдоду. Буга далил катары бир канча факты келтирген. Маселен, Сманбеков, Темир Сариев Өкмөт башчысы болуп турганда өкмөттөн бөлүнгөн 6 милилон сомдун 1 миллион 300 миң сомун жымырып койгонун, Аскар Салымбековдон «Назарбаев» деген пьесаны койгонго демөөрчү бол деп 5 миң доллар алганын, анын да дайны чыкпай калганын, Индия элчилигинен «Махабхарата» драмасын коюу үчүн 10 миң доллар алганын, Алмата шаарында өткөн эл аралык фестивалдан «Саманчынын жолу» пьесасы гран-при жеңип, байге тийген 100 миң сомдун 80 миң сомун кымырып алганын, «ТүркСойдун» тапшырмасы менен «Коркут ата» пьесасы жазылып, аны коюуга деп 10 миң доллар алып, 5 миң долларын жеп койгону боюнча бир топ факты келтирген. Мындан улам, кийинкилерге сабак болуш үчүн Сманбековго чар көрүү зарылдыгын белгилейт.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here