Былтыркы жылы Кыргызстандын Салык кызматы пландагыдан 4 млрд. 600 миң сомго салыкты аз чогултуп, анын айынан бюджеттин киреше булагы оңбогондой алсырап, Өкмөт “өлбө жаным өлбө” болуп, жаңы жылдын босогосун аттаган. Бул боюнча Жогорку Кеңеште чоң жыйын өтүп, депутат Алтынбек Сулайманов “кечээ 2 млн. сом салытын планы чыкпай калган үчүн Ахматбек Келдибеков соттолуп кеткен” деп, ишти аткара албагандарды кызматынан эле албай, жоопко тартууну сунуш кылган эле. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, мындан соң салк кызматындагы 11 башкармалыктын жооптуу жетекчилерине сөгүш берилген. Бирок, бүгүн ошол сөгүш алгандардын арасынан кай бирлери жогорулап жатканы бизди кызыктырууда.

Мисалы, ошол салыкты эң аз чогулткан Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык башкармалыгын начальнигинин орун басары Рустам Абдырахманов жакында начальник болуп дайындалды. Ал быйылкы жылдын 3 айында да салыкты аз жыйнаганы тармактын сайтында бакырайып жазылып турат. Ошондо кайсы эмгеги үчүн чоңойгону табышмак. Же мамлекет үчүн иштебей, чөнтөгү үчүн иштеп, ошонун жардамы менен жогорулап жатабы? Суроого өзү жооп берээр…

Булак: Алиби

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here