Сот Жапаровдун тергөө бүтмөйүнчө Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоо жайына калуусун чечкен болчу. Ал чечимге ылайык Жапаров кайрадан өзү бир аз көнө түшкөн СИЗОго которулду.
Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик комитети маалымат таратты. Садыр мырза, өткөндө өзүнө кол салып, бир өлүмдөн калды. Эми дүйнөгө болгон көз карашы өзгөргөндүр. Салмактуу ойлонуп, көп нерседе, өзгөчө саясатта көзү ачыла түшкөндүр. Эмнеси болсо да ал СИЗОдон өзүнө кайрадан кол салбаса болду. Анте койбойт деген ишеним бар. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы аны бул ирет кандай “зектер” менен жаткызары азырынча белгисиз. Мурун го алдамчылар менен жаткырыптыр. Бирок кандай болгон күндө да Садыр мырзанын өткөндө өзүнө кол салгандыгы боюнча маселеде кандайдыр бир сыр ачыкка чыкпай калгандай болду. Балким, кийин ачыкка чыгаар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here