-Дастан мырза,  өкмөт кен казуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин көрүшүүдө. Сиз ал мыйзамга каршы чыктыңыз.  Окурмандарга, маселенин чоо-жайын айтып берсеңиз?

-Бүгүнкү кен тармагы боюнча мыйзамда кайсыл жерден кен чыкса, Мамлекеттик Геология агенттигинен лицензия алып, казып жатышат. Эч кандай тансформациясы жок эле токой чарбасынын жери болсо да, токой чарба агенттиги менен келишим түзүп, ал аймактагы эмне деген сонун арча, кайың, жаңгак баштаган бак-дарак, өсүмдүктөрдү талкалап, улуп-жулуп ыргытышат. Мисалы, Арсланбап, Сары-Челек, Чычкан, ж.б. сонун, сонун жерлерибиз бар. Ушундай керемет жерлерден, кандай кен чыкса, азыркы мыйзамыбыз, аны казууга оңой-олтоң жол берип коюп жатат. Мен буга каршымын.

-Себеп?

Арсланбап токой

-Себеби, мындай. Эски мыйзамда так көрсөтүлгөн. Эгер ошондой жерлерден кен чыкса, өкмөт баарын аныктап, алгач трансформация кылышы керек.  аныкталып, изилденгенден кийин мамлекеттик –мекемелер арасында “бул жердеги кенди казганга болот” деп чечим чыгарып, анан ал жерди аукционго коюп, анан иш башталат да.  Бул мамлекетке да пайдалуу, табиятыбызга да зыяны тийбей турган жакшы мыйзам болуп эсептелет.

Бирок бүгүнкү күндө инвесторлор келбей жатат деген шылтоо менен бул мыйзамга өзгөртүү киргизип, жогоруда айткандай багытка буруп жатышат. 15-20 жылдан кийин бул жаңы мыйзамдын зыяны тийет, керек болсо хауска алып келет. Мисалы, Арсланбапта 10 кг. алтын бар, же нефти чыгат десе, ал жердеги бак-даракты, жаңгактарды талкалап, жоготууга уруксат берилип калат да. Мен ушуга каршы чыктым, бирок болбой эле, бир топ депутаттар колдоп жатышат. Негизи, бул мыйзамды өкмөт алып келип, эптеп өткөрүп алуунун амалын көрүп жатышат. Менимче, биз экологияны бузбайлы, табиятыбызды сактайлы десек, мындай өзүм билемдик мыйзамдарга жол бербешибиз керек.

-Жакында эле, сиз баштап “Айыл банктын” миллиондогон каражатка имаратты ижарага алуу маселесине каршы чыгып, өкмөттү ал чечиминен баш тарттырбадыңарбы. Бул мыйзам боюнча да кызуу талкуу болсо, балким өкмөт баш тартат чыгаар..

-Билбейм, баш тартабы, же өткөзүп кетеби? Айыл банктын маселеси кызуу талкууга алынып, колдоо таппай калды да. Ал боюнча биринчилерден болуп маселе көтөрүп, буйруса ал маселени  ишке ашырдык.  Аталган банк Вефа соода борборун өтө кымбат баада ижарага алуу боюнча жакыш эле аракеттерди көрүп баштаганда, мен ижарага кетчү акчаны эсептеп көрсөм, жылына оңдоп-түзөө иштери менен 300-400 миң долларга чейин каражат кетиришмек экен.

Бул маселени көтөргөндөрдүн бири мен болдум. Улам айтып, каршылыгыбызды билдирип жаттык. Акыры, өкмөт мындай кадамынан баш тартты. Мамлекеттик банк да. Демек, элдин байлыгы. Аларга элге арзан насыя акча бергиле десек, акча жок деп алакан жайышат. Анан өздөрүнүн кеңсесине элдин түшүнө кирбеген акчаны чачканы жатышпайбы. Андай болсо, мурунтан ойлонуп, жер алып, өздөрүнө кеңсе салып алышы керек эле да. такыр эле болбой калса, бүгүнкү күндө бош турган имараттар бар. Мамлекеттик мүлк аркылуу иштесе, арзан кеңсе табышмак. Мисалы, “Кыргыз почтасы” сыяктуу мекемелерибизде орун бар.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here