Бизде деле Президенттин, депутаттардын, өкмөт башчылардын, министрлердин, вицелердин айрым  шоопурлары, жардамчылары өздөрүн укмуш сезип алышкан. Жер менен эмес, асман менен басышат.  Алар  «шефтерине» кошулуп далай былык иштерди жасашкандыгын иликтеп чыкса, далай былыктар чыгат. Бирок азырынча эч ким кармала элек. Андыктан ким эле нан таап берип жаткан шефин сатсын. Бирок мисалдар көп…

Казакстандын Шымкент шаардык кеңешинин депутаты Курманбекова Гүлнар Мамыт кызы шоопуру Алишер Турсункулов менен элдерди жумушка орноштурууну абада кылып акча алып турушканын казак маалымат каражаттары жазып чыгышты

Алар ушундай жол менен көп кишини жумушка орноштурушкан. Мындай иштин кыныгын алган депутат менен шоопур акыркы жолу 50 чакты  адамдан жумушка киргизүү үчүн акча алышат. Алардын ичинде фельдшер, айдоочу жана санитар бар. Ошол убакта Гүлнар Мамыт кызынын  «ишенген башчысы» кызматтан кетип, берген убадасын аткарууга чоң жолтоо жаралып, депутат айдоочусуна » акча берген адамдарга коө тур» — деп айт деген тапшырма берген.

Акчасын берип алып, бир жылдай күткөн немелер акыры депутат Гүлнар Мамыт кызы менен айдоочусунун үстүнөн милицияга арыз  жазышат. Мунун натыйжасында, депутат айым Алишер Турсуналиевге: «сен бардык күнөөнү мойнуңа алып тур. Мен сени куткарып алам»- деп убада кылат. Бирок, сөзүнө турбаган Мамыт кызы сотто бардык күнөөнү ага оодарган. Буга чыдабаган айдоочу бүт чындыкты видеого түшүрүп айтып, интернет арыкылуу Казакстандын УКМКга чыгарган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here