“Кыргызстан сулуусу -2017” сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болуп, бирок деңгээлди, билимди текшерүү үчүн берилген 5 миң сомдогу сүрөт тууралуу суроого жооп айта албай: “Мен 5 миң сомду аябай жакшы көрөм, андагы Чокморов Кыргызстандын алгачкы журналистти” –деп жооп айтып, далайдын оозун Ошту караткан болчу. Ошондон кийин ага карата оголе көп катуу сын айтылып келет. Бул жаш селки бүгүн “Спутникке” маек берип, “Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгом. Канча жылдан бери эстебей калгангабы, оюма ар түркүн ойлор келип, туура эмес жооп берип алдым. Бул үчүн кечирим сурайм!” –дептир.

Баракелде, кечирим сурап койгондун өзү жакшы нерсе. Албетте, дүйнө кыдырып, акча деп “2 саатта 3 миң доллар таап коём”  -деп акчанын артынан кууп кетсе, Сүймөнкулду эле эмес, көп нерселерди унутат. Керек болсо,  кыргыз элин деле, салт-санасын деле жеп коёру бышык.

Эми Бегимай баштаган жаш сулуулар жылаңач денелерин элге-журтка таңуулап, улам сүрөткө түшүп, салтты бузуп жаткан жакшы эмес иштери үчүн кечирим сурап койсо эң сонун болмок. Мындай кийин мындай ыплас жолдон кайтабыз дешип… Эң ириде өздөрүнө эле жакшы болмок да. Балким бул маселени да кылаңдаган сулуу кыздар ойлонуп көрүшөт чыгаар…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here