— Анатай агай,  КТРКнын кезектеги Байкоочулар кеңешин тандоо тууралуу, КТРК тууралуу сүйлөшөлү. КТРКда беш жыл байкоочу болдуңуз, дагы бир ирет байкоочулукка талапкер болуп жатканыңыздын себеби эмнеде?

— Мени кой деп суранышканынан коюп жатам. Тажрыйбалуусуз деп,  суранышты.  Мен деле келип катышып, темселеп, берүүлөрдү карап жүргөндү жактырат дейсиңби. Бир тыйын төлөбөйт.  Уйдө деле отура албайсың эртели-кеч. Мен телевидениенин аки-чүкүсүнө чейин деле укмуш билбейм.  Бирок түшүнүк бар,  көз караш бар дегендей. Берүүлөргө ойлорумду айтышым мүмкүн. Орустардын каналдары менен салыштырабыз. Азыр жуналисттерди деле окуу жайдан эчтеке үйрөтпөй калды. Келишет практика жүзүндө аны-муну көрүп үйрөнөт. База жок да. Микрофон кармабай келген балдар толтура. Бир гана «Манас» университетинин базасы бар. Ошолор азыр радиодо иштеп атышат.

КТРКны акыркы кезде аябай эле сындап атышпайбы Акаев, Бакиев доорундагыдай эле бир тараптуу беришет деп…

— Калп айтышат. Акаевдин, Бакиевдин убагы менен азыркынын асман менен жердей айырмасы бар. Бир топ өзгөрүү болду. Ошол эле учурда кемчиликтер да бар. Бирок акырындык менен оңолунуну жолунда баратат. Негизи, мейли гезит болобу, мейли радио болобу өзүнүн идеалогиясы болушу керек. Демократия деп эле былжырай бергендин не кереги бар?Демократияга азыр деле каршымын. Бул батыштын бизге жиберилген саясаты да. Мен убагында буга түшүнбөптүрмүн. Бул атайын саясат экен. Американын бизге жиберген долбоору. Биз дөдөйлөр ошону карманып алып эле чурулдап атабыз.  Жер тепкилеп чурулдап, бет тытып не таптык. Кичүү улууну, улуу кичүүнү сыйлабай калды. Демократия бизде,  сүйлөй бер. Бардыгына каршы боло бересиң. Андай болбойт.  Демократия келгенче, бизде улууну улуудай, кичууну кичүүдөй өз мыйзамы болгон. Мен СССРден айланайын деген кишимин. Азыр жайнаган ЖОЖдорне билим берип атышат? СССР кезде билимди ЖОЖдор укмуш берчү да.

КТРК эмнеси менен аксап жатат? Кемчиликтерин айтсаңыз?

— Алгач сапатын жакшыртыш керек. Максимдин «Лучше всех» деген балдар программасын көрүп атабыз. Галкиндин талантын карачы, бала менен бала болуп атат. Телевидениеде керек жерден сөз таба билиши керек. Галкиндин атасы өзү генерал. Биздики бөлөк. Балтайган аял бир башкача кийинет да, олтурат.  Балдар берүүсүнө ошого жараша кийиниш керек да. Айтсаң, жаман көрөт. Ошентип, акырындык менен жакшырат да.

“Көчөдөн түкүрсөң экономисттин, же юристтин бетине тийет…”

— Биздики башка өлкөлөрдүн тв долбоорлорун туурап жатышканы көп сынга кабылып келет…

— Туураса да мейли, ошентип оңолот да. Бирок өз алдынча да мыкты долбоорлорду ойлоп таап, аны мыкты деңгээлде алып чыгуу зарыл. Бул маселе, ар дайым алдыңкы планда болушу керек деп эсептейм. Казактарда техникалык оформлениесин көрчү. Андай аппарат жок бизде. Орто Азиянын баарында бар.

— Байкоочу кеңеш көп нерсени өзгөрткөнгө акылуусуңар да, сунуш берип…

— Эч нерсе жок бизде. Болгону сунуш гана бере аласың. Аның да аткарылбайт. Күмөн санаган жерлериңде Эсептөө палатасын чакыртып текшерте аласың. Анын да спецификасын түшүнгөн киши болуу керек. СССР кезинде башкача идеология бар эле. Пропаганда боюнча чоң бөлүм иштеп турчу.

НТСти жакшы көрөм. Баарын жакшы берет, кемчиликтери аз. Ушул жерде иштегендердин баары ошондой ТВларга качып кетип жатышат. Айлыгы да арбын да. КТРКдан мектеп катары үйрөнөт да кетип калышат. Азыр журналисттердин баары жакшы эмес, өтө эле ар кошкон болуп кетти. Университеттин баары ар кайсы кесипти даярдай берет. Студенттер сурасаң факултетин өздөрү билбейт . Муну кыргыз гана жасай алат.  Баары юрист, экономист.  Көчөдө түкүрсөң экономисттин, же юристин бетине тийет. Аны менен цивилизионный болуп кеткен жоксуң да. Дагы эле көрүнгөнгө жемиң жедирип жүрөсүң. Мисалы, Кумтөрдүн иши караганда юристтерди чет өлкөдөн жалдап атышат. 2 млн. төлөп беришиптир го. Намыс кана? Ошончо юристтерди даярдап жатабыз, алар эмне пайдасы болуп жатат? ушундай да билинет да.

Суроо салган, Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here