Кыргызстанда  шайлоо алдында жеке теле каналдарга үгүттөө иштерине катышууга тыюу салынышы мүмкүн. Мындай сунуш Гулнара Журабаеванын демилгеси менен Борбордук шайлоо комитетинде каралды.

 

«Талапкерлер сөз жок дебаттарга катышуусу керек. Телевидение аркылуу агитация эффективдүү болуп саналат. Бирок, кайсы партиянын же талапкердин акчасы көп болсо, ошол телеге көп ысырап кылып, аны менен  шайлоодо женишке жетишпеши керек. Калыс таймаш болуш үчүн бирдей шарт болуу керек. Ошол себептен, талапкерлерге теле аркылуу бирдей убакыт берилсин деп ушул сунушту киргиздим»- деп айткан Г. Журабаева.

Анын айтымында, талапкерлер үгүт иштери менен жанылык программаларын айкалыштырып алат да, ага биздин жарандар ишенип алышат.

Журабаеванын сунушу боюнча, бирдей убакыт өлчөп, талапкерлер үчүн теледебаттарды өткөрүүгө телеканалдарга тендер жарыялоо керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here