«Улуу Ата Мекендик согуш башталганда жана фашисттер совет мамлекетинин аймагына каптап киргенде, Россиядан көп адамдар, көп үй-бүлөлөр кетүүгө аргасыз болду. Алар ошол биз азыр жек көрүп аткан Орто Азиядан башпаанек таап, жайланышты. Азыр аларды өгөйлөп атабыз. Биз: «Алардан коркуу керек, булардын кандай экенин бир Кудай билет», -деп жаткан азиаттардын далай жакшылыктарын, меймандостугун көрдүк. Мүмкүн биз жакшылыкка жамандык менен жооп кайтарып жаткандырбыз. Кызыл армиячылардын үй бүлөсүн куткаргандарды унутуп, сатып кетебизпи? Же «болду тарыхыбызды да, чогу жасаган жеңишибизди да унутушубуз керек», -деп айталыбы?

Биз Советтер созюзунун түздөн-түз мураскерибиз. Эгер, төмөндүгүбүздү көргөзүп ар кандай майда-чүйдөлөрдөн өйдө талкуулай берсек, анда бизге чейинки муундун эрдигине татыктуу эмес экенибизди далилдейбиз»- деп айткан журналист  Владимир Соловьев. Туура, айткан. Калыстык деп ушуну айтса болот.

Бул билдирүүнү талкуулагандар, Соловьев Кремлдин кол жоолугу чынында, терактты  Россиянын атайын кызматы жасаганын билет. Неси болсо да, бирок, сөзүндө чындык бар дегендер арбын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here