Бул окуя журтчулукту бир козгоп алган жайы бар: 2012-жылы 7-август күнү жол кайгуул кызматкерлери Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө «азоо тартып» кетип бараткан «Лексус» маркасындагы терезелери караңгылатылган жипти токтотот. Жип токтобой кете берет. Ошондо милийсалар жипти кууп жетип токто десе, ал токтобойт, тескерисинче, кайгуулчулардын машинасын жол четин кысат. Бир милийса  тапанчасын алып атам дегенде гана тиги токтойт. Бу көпкөн жипте, балекет басып, Генпрокурор Аида Салянова бараткан тура. Сөз кыскасы машинаны тоскон Азамат Осмонов деген жигит ак жерден күнөөлүү болуп, суралып, иштен айдалып… иши кылып ак жерден азап тартат да. Жакында Осмонов арызданып иштебей жүргөндөгү 525 миң 880 сомун каржы министрлигинен өндүрүп алмай болду. Каржы министрлиги Гепрокуратага бөлүнгөн акчадан берет. Ал эми Осмоновдун моралдык жактан көргөн жагдайы үчүн сураган 1 млн. сомун сот четке какты. Осмоновго төлөнчү акчаны Салянованын чөнтөгүнөн алыш керек эмес беле…

Булак; Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here