Рустам Маманов аттуу олигарх бар, убагында темир сатып байыган. Бу куурагыр немен көрүнгөн жерде эле: “Мага саясатчылардын көпчүлүгү акча карыз. Жада калса өкүл балам Азизбек Турсунбаев (парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат) 100 миң долларды бербей жүрөт” таризинде өпкөсүн какканы жалганбы? Азизбекти жигиттин гүлү дешчү эле, карыз болгон соң кайтарып бербейби десең “атакесин” зар какшатпай.

Же 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин “кошелогу” өлкөдөн безе качканы каржы жагынан кыйналып атабы? Рустам мырза да кызык, “баласынын” убактылуу кыйналып атканын билген соң тилин тишине катып турбайбы десең. Айтор, бири аласасын өндүрө албай, бири карызын төлөй албай жүргөн өкүл ата менен өкүл балага ден соолук тилеп коелу. Аман болушса эсептешип алышат эмеспи…

 

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here