Мамлекеттик органдардын бюджеттин эсебинен сатып алгысы келген, суперкресло, кымбат  сааттар, оюу түшүрүлгөн даарат кагаздар, дайвинг кызматы, 150 метрлик кремль килем дорожкасы жана психологдун кызматы өңдүү машакаттуу эрке талаптарынан  кийин эптеп эсин жыйган коомчулукту,  чиновниктер  кайрадан эсин эки кылды.

Жогорку деңгээлдеги ачкөздүк

Бул жолкусунда басса-турса да, калктын салыкка төккөн акчасына дагы кандай тендер жарыялап жиберсем деп ойго баткан Жогорку Кеңештин аппараты ишти баштады.

Мисалга, парламенттин фойесин реставрациялоого 565 миң короткусу келип жатышат. Алтын жалатылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши» деген жазууну жаңыртуу каралган. Бул акчага дагы, ЖК фойесине кооздолгон бозүй орнготуу, анын артына гүл коюу, өлкөнүн гербинин рельефин даярдоо, КРнын Конституциясынын астын таш , үстүн айнек менен жабдылоо жана килем менен курчоо кирген.

Оңдоо иштери кымбат жана түйшүктүү иш деңизчи, ошентсе да, сарамжалдуу, алды-артын караган кожоюн алына карап ышкырат эмеспи. Бирок, аппаратчиктер парламентке штор жана жалюзилерди сатып алууга тендер жарыялаганда, айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат болгондой.

Алардын талабында, шторлордун материалы италияныкы болуп, ар кандай кооздуктары менен тигилип, өңү агыш жана көгүш болуу керек экен.

Мындай сулуулукту алуу үчүн, бюджеттен 1 миллион 171 миң сом , жалюзилерге — 329 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, имаратта 500 кв метрлик тикелей такылган жана 70 кв. метрлик ролл-шторду да жаңыртуу каралган.

Уят — сыйытты унуткан ачкөздүк

Мамлекеттик сатып алуунун сайтын караганда, буларды көзөмөлдөгөн жан жокпу деп ойлойсуң. Болбосо, сатып алуучунун каалагандай тайраңдаган «талаптарын» кантип көрүүгө болбосун.

Бул категориядагы  сатып алуучу чиновниктер, узуну 25 метр, тереңдиги 5 метр болгон бассейнди сурашат, ал эле эмес, Swarovski криссталдары орнотулган жуунучу жай ачык асмандуу мончосу менен болушу керек экен.

Кээ бир тендерлер ММКга жарыяланып кеткенде, алардын аз-мазы алынып салынып, бирок, чиновниктер жөн эле кутулуп кетишүүдө.

Бул багытта, бир жыл ичинде 547 текшерүү жүрсө, анын 389 эл алдына алып чыгылып, 73 кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек,  парламенттин жыйынынын биринде СДПК фракциясынын депутаты  Улан Примов, 2015-жылга караганда Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларга карата түшкөн арыз 40%га өскөндүгүн айткан. Ал эми фракция лидери Иса Өмүркулов, бүгүнкү күндө күч органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинин бардыгы тендерге байланышканын билдирген. » Долбоорлорду өткөрүүгө дыкат мамиле жасоо керек. Мунун шылтоосу менен өтө чоң көлөмдөгү акча бөлүнүп кетүүдө» — деп айткан ал.

Ошентсе да, ИИМдин өзү буга кулак салбастан, 5-апрелде Каржы-чарба башкармалыгы (ФХУ) үчүн, медаль, кутучасы менен төш белгилерге коңкурс жарыялады. Буга ИИМ 864,5 миң сом коротууну пландоодо. Булардын жарыялаган тендеринин бир өзгөчөлүгү, ага Бишкектеги уюмдар гана катыша алат.

24 kg (кыскача которулуп  берилди)

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here