Максим Бакиевдин жакынына таандык мурунку «Ала-Тоо» мейманканасынын имаратын жеке компанияга сатылганы маалым болду.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын майында Бишкек башкы архитектура «Ала-Тоо» мейманканасын маданий жана трыхый эстеликтердин катарынан сызган. Алгач депутаттар нааразылана Башкы прокуратурадан бул иште коррупциялык схеманын бар же жогун текшерип берүүсүн талап кылышкан.арадан эки ай өтпөй бул иш да унутулуп, имаратты алып тынышкан.

«Фергана» белгилегендей, Мамкаттоонун аныктамасына ылайык, 2009-жылга чейин Бишкек мэриясынын балансына кирген аталган мейманканага бир канча убакыт Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири ээлик кылган.  Андан соң, аны «Гольфстрим Строй» фирмасына 4,2 миллион сомго сатып жиберишкен.

Аталган фирма 2007- жылдан бери «Билдинг Констракшн Групп» компаниясына таандык. Акыркы ээлери — «Первая сторительная компания» ЖАКнын 2016-жылдын майында сыртынан өкүм чыгарылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган Ульян Пак  менен Денис Гладышев.

Курманбек Бакиевдин мүлкү боюнча түзүлгөн деутаттык комиссиянын башчысы Канат Исаевдин ою боюнча, мейманкананы болуп көрбөгөндөй арзан сатышкан. Келишим жасалма болушу толук ыктымал. «Кыймылсыз мүлктү сатып алган компания  — «Первая сторительная компания» ЖАК. Ал 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.  Мунун өзү кыймылсыз мүлк мурда эле  100 пайыз конфискацияга чыгарылышы керектигин айгинелейт. Бирок, тилекке каршы, шалаакылыктанбы же сүйлөшүлгөнбү айтор, конфискацияланбай калган»- деп айтты ал.

Жогорудагы компаниялар мурда Максим Бакиевге таандык болгон.

2010-жылдын июнунда мейманкана комплекси, аны 5 миллион сомго сатып алган Кушбак Жайчиев дегендин менчигине чыгып калган. Ал азыр Мамлекеттик Архитектура жана курулуш агенттигинде башкы инженер болуп иштейт. Жанылбасак, мурунку жетекчи Каныбек Нарбаевдин тууганы. Анын айтымында, обьектти бир нече жолу сатыкка коюшкан, бирок аны эч ким алгысы келген эмес. Ошону менен ал келишим мыйзамдуу болгонун белгиледи. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура жана Мамлекеттик салык кызматы текшерүү ишин жүргүзүшкөн.

2012-жылы Кушбак Жайчиев, мейманкананы «Кыргыз Мунай» компаниясына 100 миллион сомго сатып жиберген. Бүгүн анын ордуна нефтетрейдер жаңы курулуш салууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here