Казакстандын Кызыл орда облусундагы мектеп директору мугалимден беш миң теңге (16 долларга жакын) пара алгандыгы үчүн мүлкү конфискацияланды. Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыккандай, ал өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажырап, 250 миң теңге айыпка жыгылды.    Ал директор,  айылдагы мектептердин бириндеги мугалимден саат бөлүп берүү үчүн андан беш миң теңге талап кылган. Аны пара алып жаткан жеринен кармашкан. Директор соттун чечими менен Кылмыш жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси боюнча айыптуу деп табылды. Чынында бизде деле мындай көрүнүш толтура. Аны УКМК баштаган укук коргоочулар иликтебей «уктап» жатышат. Мектептерибизди, бала-бакчаларыбызды укмуш коррупция басып кеткени ырас. Андыктан мындай маалымат бизге көндүм болуп калган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here