«Булак көрсөң көзүн ач» -деген улуу сөз бар элибизде. Анын сыңарындай кыргыздын улуттук суусундуктарынын башатын баштап, бир гана кыргыз өлкөсүнүн аймагына эмес дүйнөлүк деңгээлге жеткирген кыргыздын сыймыктанаар бир уулу бар… Ал инсан баарыбызга белгилүү Табылды Эгембердиев эле. Атпай кыргыз журтчулугуна ат көтөргүс эмгек жасап кеткен агайыбыздын көзү тирүүсүндөгү акыркы маектеринин бирин алдыңыздарга тартуулайбыз.
— Табылды агай, талыкпаган эмгегиңиздин аркасы менен албан-албан ийгиликтерди жараттыңыз жана өз ийгилигиңизди өркүндөтүп келе жатканыңызга күбө болуп келебиз. Ушул деңгээлге жетишкен ийгиликтериңиздин башаты кадимки казандан башталган дешет…
— Туура кадимки жүз литрлик казандан эле баштагам. Алгач сатыкка чыгарууга максым жасайм десем досторум күлүшкөн. Үйгө ошол досторумду, башка меймандарды чакыраарда дасторконго кадимки ичилип келген суусундуктарды алып, аны менен бирге максым жасап койчумун, келген меймандар берки суусундуктарды ичпей баягы мен даярдап койгон жарманы ичишет. Анан ойлоно баштадым, кыргыздын улуттук суусундуктарын эл аралык деңгээлге чыгарса болот турбайбы деп… Бир гана суусундуктарды эмес, кыргыздын баардык тамактарын эл табитине жараша жасап, эл алдына чыгарсам деген изги тилегим бар эле. Мына кудайымдын буйругу менен талыкпаган аракет, күжүрмөн эмгек менен ушул деңгээлге келип отурам. Эгер адам максат коюп, жан үрөп болгон дараметин жумшаса ал эмгектин үзүрүн көрөт. Мен муну өз тажрыйбаман улам айтып келем, турмуш өзү адамга сабак…
— Жашоодон эмне уттуңуз жана уттурганыңыз эмне болду?

-Мм… менин чоң утушум байыдым. Ал эми уттурганым чыгармачылык болду. Жашым да өтүп баратат күндөн күнгө баягы жаштыктагыдай курчттук артта калып, карылык кадимкидей өзүңө байкалып калат экен. Жашоомдо арманым жок, бир гана өкүнүчүм чыгармачылык жаат десем жаңылышпайм.

Учурунда калем кармап бир топ нерселерди жазып калчу элем, ишкерлик менен алектенгенден баштап анын баары кийинки орунга калып калды. Чын-чынына келгенде мени акча кызыктырбайт, мен чыгармачылыкка кызыгып ошол дүйнөнүн сыйкырдуу күчү өзүнө тартып турчу эле. Эгерде мен ишкер болбой, учурунда чыгармачылыкка баш-отум менен киришкенде балким менден чоң калемгер чыкмак. Бирок, азыркы жашоомо да өкүнбөйм.
— Айрым акчалуулар айланасындагы адамдарды бөлүп карап, алардын деңгээлине жараша мамиле кылышат. Сиз жашоодо адамдарды кантип таанып, билесиз?

— Кандай адам болбосун ар бир адамдын өзүн-өзүн алып жүрүүсүнөн жана жөнөкөйлүгүнөн тааныйм. Мен ал инсандын кызматына же байлыгына карап бөлүп, мамиле кылбайм. Ал адамдын адамдык касиетинен, кулк-мүнөзүнөн таанып-билүүгө дамамат аракетимди жасап келем. Коомдо ар түркүн адамдар бар, бирөө бай, бирөө кедей дегендей. Мен карапайым, жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөңдөн кадимкидей ырахат алам.
— Үй-бүлө бул чакан мамлекет деп айтышат, ошол чакан мамлекетиңиз тууралуу билсек…

— Жашоодо үч уул, үч кыздуу болдум. Ажалга айла жок экен, бир кызым дүйнө салып кетти, ал эми экинчи кызым Америкада окуйт.

Улуу балам ишкерлик менен алектенет, ортончусу «Супараны» иштетет, ал эми көкүрөк күчүк уулум менен кызым мектепте окушат.

Мен табиятыман башкаруу жаатына такыр кызыгуум жок, «Супараны» жубайым башкарат, иним «Шорону» жетектейт.

— Кыргыздын тың чыкма жигиттери бийлик аркылуу байлыкка жетип же байлык аркылуу бийликке умтулуп келишет. Сиз байыганыңызды жашырган жоксуз, эмне себептен байлыктын аркасы менен саясатчы болууга умтулган жоксуз?
— Саясатчы болууга табиятымдан шыгым жок. Негизинен бизнес менен саясатты аралаштырбаш керек. «Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлөт» деген кеп бар элибизде, андыктан саясатчысыңбы саясатта бол, ишкерсиңби анда ошол ишкерликти жөндө, эки тарапка тең баш салуунун кажети жок. Бизде айрым ишкерлерибиз ишкерлигин коргоо үчүн саясатка аралашып жүрүшөт, аларды туура түшүнсөк болот. Менин жеке оюмда саясат бул ыплас нерсе, ошол эле учурда бирөөгө көз каранды болосуң, а мен эркиндикти сүйгөн жанмын. Мага бир жерде отуруп иш жасоого болбойт, эркин болгон учурда гана идеялар келип ачылыштар болушу толук мүмкүн.
— Сиздин баамыңызда бүгүнкү кыргыз интелигенциясынын жүзү кандай, саясатчыларыбыздан кимди баалайсыз?
— Интелигенция — деген бул улуттун каймактары. Ал эми бүгүнкү интелегенттердин жүзү баарыбызга маалым. Ал эми саясатчылар тууралуу айта турган болсок, жыйырма жылдан бери майтарылбай келе жаткан саясатчы деп Өмүрбек Текебаевди баалайм. Ырас, кемчилиги жок адам болбойт, бирок өз позициясында келе жатат деп ойлойм. Бүгүнкү күңдө интелигенциянын өңү өз денгээлине жете элек. Коомдо күчтүү-күчтүү жаштардын агымы келе жатат, ошолордон үмүт кылам. Бүгүн бир топтору мага окшоп четтен көз гана салып турушат. Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков менен мамилем жакшы, ал эми чыгармачылык жаатта досум Шайлообек Дүйшеевди абдан сыйлайм. Бул мен сыйлаган инсандар кыргыздын бычакка сап, белдүү жигиттерди десем аша чапкандык болбос.
Учурунда Максим Бакиев «Шоро» компаниясын сатып алууга аракеттенген деген чуу сөздөрдүн канчалык деңгээлинде чындыгы бар?
— Жок, таптакыр андай болгон эмес. Керек болсо мен Айдар, Максимдин аталары менен эсептешчүмүн. Эми «эл оозунда элек жок да», эл чындыкка караганда калпка бат ишенет экен, мен ушуга таң калдым. Менден көп сурашат, «башыңда ким турат, крышаң ким?!.. » -дешип, жыйырма жылдан бери өзүмө-өзүм башчы болуп келе жатам. Мен бир нерсени айткым келет, учурунда Акаев мени бир эмес эки жолу депутат кылам деген. Саясатка кызыкпай турганымды айтып, эки жолку сунушта тең баш тарткам.
— Өзүңүз негиздеген «Шоронун» кайсы суусундугун тамшанып ичесиз жана бош убактыңызда кантип эс аласыз?


— «Шоронун» Легенда суусун тамшанып ичем. Көпчүлүк адамдар иштеп чарчаганда эс алса, мен тескерисинче иштегенде рахат алып, эс алам. Мен үчүн дем алыш күн ыңгайсыз күн, өзүмчө эле бир нерсе болуп, кайсалактап калам. Кээде уруш-мушташ кинолорду көргөндө эс алып калам. Албетте, китеп окуу мен үчүн жан дүйнөмдү байыта турган азык.
— Сиздин иш тажрыйбаңызда ийгиликтин сыры эмнеде?
— Ийгиликтин эң негизги сыры бул тынбаган аракет. Атаңа же апаңа ишенүүдөн мурун кудайга жана өзүңө ишенип, кыйынчылыктын баарын унутуп, күжүрмөн эмгектин натыйжалуулугун билип-сезип иш кылсаң ошол сага ийгилик алып келет. Жашоо баарыбыз үчүн кызык, тирүүлүктүн өзү бул бакыт деп билем.
Маектешкен: Мээрим Бактыбек кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here