Казакстан теле берүүсүндөгү «Айал бакыты» деген теле берүү бар. Мына ошол берүүгө ар кандай тагдырга туш болгон аялзатынын тагдыры же аялдар менен байланышкан маселелер каралат. Өткөн жумадагы аталган берүүнүн коногу Сара аттуу кыз болгон. Бул тууралуу Казакстандын Nur.kz   сайты жазып чыккан.   Ал, 18 жашында медициналык колледжге окууга тапшырат. Өзү Байкоңур облусунан болгон кыз , ал жерден эки жыл бир жигит менен сүйлөшөт. Үй-бүлөсү менен эч качан тааныштырбаган жигит акыры кызды бузуп коёт. Өзү андан көп өтпөй кафеде  чыккан чатактан бир кишинин өлүмүнө себепчи болуп, кесилип кетет.

Ал кыз: «Мен аны күтөм деп ойлогом, бирок, убакыт өтүп,мен да окууну бүттүм. Ооруканага жумушка кирейин деп барсам тажрыйбамдын жогунан албай коюшту. Андан соң, бала-бакчага кирип, иштей баштадым. Бир күнү эле балдардын бирин алып кеткени келген жигит менен таанышып калдым. Жылдызыбыз жанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Мен аны жактырып калып, болгон чындыкты айталбадым. Көп өтпөй ал мага үйлөнүү сунушун киргизди, макул болдум. Ошентип, дарыгерге бардым да кыздык белгимди тиктирип алдым. Жигитим мени Шымкентке алып кеткен соң, бир айдан кийин той болду. Нике кыйылган соң, нике түнү кыз болбой чыктым. Буга намыстанган жигитим, ачуусу менен үй-бүлөмдүн көзүнчө абийиримди төгүп, үйдөн кууп чыкты», — деп айтып берди.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here