Жогорку Кеңештин депутаты, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча тергөө дагы уланышы мүмкүн.

Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун  айтымында, ал УКМКнын СИЗОсунда сот чечими чыкканча 25-апрелге чейин кармалат. «Ушул убакыт аралыгында иликтөө иши аяктап, материалдар сотко өткөрүлүп берилиши керек.

Эгер, иликтөө иштери улана турган болсо, биз да чара колдонобуз»- деп билдирди юрист.

Текебаев учурда, коррупция жана алдамчылык  менен шектелип иликтөө ишинин жыйынтыгын күтүп  камакта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here