Депутаттардын айлыгы көтөрүлгөндүгү туурасындагы маалымат кызуу талкууга алынууда. Ал эмес, айлыгынан тышкары, майрам сайын 1 миллион жөлөк пул берилерин угуп, карапайым жумушчу, мындай акчаны алмак турсун, кармап да көргөн эмес деп жазышууда. Казакстанда эли мындай нерсеге кыязы, чыдай берет окшойт. Бизде ушундай болсо эчак эл көтөрүлүп,  эл өкүлдөрүн эс алдырып коймок.

Казакстандык ММКлардын маалыматына караганда, Мажилистин мурунку сенатору Уалихан Кайсар, да бул жагдайга нааразыланып,  депутаттар мындай акчага татыктуу эмес деп эсептеген. Алар мамлекеттин эсебинен үй, машина, медициналык тейлөө менен камсыз болушуп, андан тышкары жөлөк пул алганы элдин эле башына түшкөн түйшүк дейт.

«150 депутат бизге өтө эле көп. Эң мыкты депутат бир күндө 80-100гө чейин кагаз окушат. Алар андан ашыкты жасай алышпайт. Буларга 1 миллион теңге премия берүүөтө эле адилетсиздик. Арасында оозун ачып койбогону да бар» , — деп билдирди Уалхан Кайсар.

Ал эми биздин парламентке келе турган болсок, депутаттардын мамлекеттин эсебинен жашоосу, ушундай экономикалык шартта өтө эле адилетсиздик.

Бизден 3 эсе көп калкы бар казактар 150 депутатты көп деп атышкандан кийин, өзүңүз ойлоп көрүңүз 6 миллион кыргызга, алакандай мамлекетке 120 депутатты жашаган үйүнөн сүйлөшкөн бирдигине чейин камсыздоо канчалык экенин? Жеп-ичпей иштесе да башка кеп. Эми, биздикилер да жөлөк пул алабыз деп чыкпаса болгону, ансыз деле, ЖКдагы депутаттардын айлыгы көтөрүлүптүр деген күбүр-шыбыр эл арасын аралоодо.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here