Гастриттин пайда болушу

Гастрит — бул ашказандын сезгенүүсү. Бул ичеги-карын жолдорунун ичинен кеңири тараган илдет. Себеби ашказан сезгенгенден кийин тамак сиңирүү процесси бузулат, жалпы организмдердин алсыздануусуна алып келет. Адам бат чарчап, жумушка болгон аракети азайып, клеткалардын кайра жандануусу бузулат. Гастритти ар кандай бактериялар пайда кылышы мүмкүн. Өтө ысык же өтө ачуу тамактарды колдонуу менен ашказанды сезгентип алуу коркунучу бар. Ичегидеги инфекциялар, көк боордун жана өттүн оорусун убагында дарылабаса, ашказанга күч келип, натыйжада гастрит пайда болот. Ошону менен бирге тамеки тартуунун ашказанга өтө чоң терс таасири тиет. Себеби түтүн аркылуу кирген кээ бир микробдор ашказанда калып калышы ыктымал. Мындан сырткары көпчүлүк адамдар ар кандай дары-дармектерди ченемсиз колдонуу менен бул ооруга чалдыгып калышат. Акыркы изилдөөлөрдө стресске кабылуу ашказандын сезгенүүсүнө алып келери такталган.

Гастриттин түрлөрү

Ашказан ооруларынын ичинен көбүрөөк кездешкени катаралдык гастрит. Бул түрүнө негизинен туура эмес эрежеде тамактанып, дары каражаттарын ашыкча пайдалангандар чалдыгат. Катаралдык гастритти туура эмес дарылагандан улам өнөкөт түрүнө айланып кетет. Мындан сырткары диетаны сактабагандыктан, алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичүүдөн гастриттин өнөкөт түрү пайда болот. Бул учурда ашказандын негизги көпчүлүк функциялары бузулуп, чел кабыгы жабыркайт. Бейтап тамактануудан кийин ашказан тушунун ооруганын жана оорлошуп калганын сезет. Тез-тезден зарна болуп, тамакка болгон табити жоголот. Оозго жагымсыз даам келип, ооздон жагымсыз жыт чыгат. Ашказандын эпителий тканы жабыркап, көпчүлүк учурда бул илдет ичтин катуусу менен коштолот.

 Yй шартында дарылоо

Гастритти үй шартында дарылоо ыңгайлуу болот. Кадимки дары чөптөр ашказанга абдан пайдалуу. Чычырканактын ашынын ашказанга тийгизген дарылык касиети көп. 3 аш кашык чычырканактын ашын жарым литр сууга кайнатып, демдеп коё туруу керек. Андан кийин даамына жараша бал кошуп, 2-3 стакандан тамактанар алдында ичип койсо ашказан оорусунан арылууга жардам берет. Жаңы картошканын ширесин күнүгө эртең менен жарым стакандан ичип, 30 мүнөткө чейин кыймылдабай, жылуу жатат. Бир сааттан кийин тамак ичсе болот. Бул дарылоо курсун 10 күнгө чейин созуп, ортодон бир канча күнгө токтотуп, кайрадан 2-3 ирет кайталап коюу менен гастриттен арылууга болот. Мындан сырткары кадимки сабиздин ширесин тамактын алдында жарым стакандан ичсе, ашказандагы кычкылтекти азайтат. Күнүгө бир эле жолу ичкен жетиштүү. 10 күнгө чейин кайталап, ашказан оорусунан сакайып кетүүгө болот. Ошондой эле гастритти алма менен дарылоо абдан жеңил, бирок жашыл сортунан эмес. Алманы майдалап, күнүгө эртең менен ачкарын жейт. Мындан кийин бир аз убакытка тамактанбай туруу керек. Гастритке кабылгандан кийин өзгөчө диетага көңүл буруу абзел.

 Ашказан оорусунун алдын алуу

Бул оорунун алдын алуу эң эле жөнөкөй. Туура тамактануу, витаминдүү тамактар менен азыктануу, алкоголь ичимдиктеринен чектөө, ооз көңдөйүн дайыма таза алып жүрүү зарыл. Ичеги-карын жолдорундагы ооруларды өз убагында дарылоо менен ашказандын сезгенүүсүнүн алдын алса болот. Гастрит пайда болгондон кийин ашказандын функциялары бузулуп, башка ич органдарына таасирин тийгизет. Мисалы, боорго, өткө, ичегилерге, ошондой эле зат алмашуу процессинин бузулушуна алып келет. Мындан сырткары көчөдө бат даярдалган (гамбургер, шаурма, чипсы ж.б.) тамактар ашказандын жабыркашынын бирден-бир себепкери.

Автор:Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here